Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

БИЙЛИК КАБАТЫНДАГЫ КРИМИНАЛДЫК ТЕПКИЧ


Кыргызстан мамлекет катары жоголуу коркунучуна жакындоодо. Буга криминал менен бийликтин «мышык-чычкан оюну» себеп болушу ыктымал. Жаңы бийликтин кадр саясаты, коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш жүргүзө албагандыгы элдин ишеничин жоготууда. Апта соңундагы кыргыз басылмаларында бийлик менен криминал темасы арбын чагылдырылды.

«Бийлик кабатына криминал тепкичи» алып бара тургандыгын бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Сыргак Абдылдаев жазып чыкты.

Улуттук коопсуздук кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Алдаяр Исманкуловдун Ички иштер министрлигинин оперативдүү тергөө тобу тарабынан кармалып, прокуратура тарабынан алыс жакка кетпөө тууралуу тилкат алынып, шектүү кишини бошотуп ийгени парламент жыйынында каралган.

Парламент талкуусунда айтылган кеп-сөздөрдүн баяндамасы бейшембидеги «Лица», «Алас» гезиттеринде жарыяланды. Жума күнкү «Кыргыз руху» гезити ички иштер министрлиги тарабынан кармалып жаткан чекист Алдаяр Исманкуловдун атасы Дене тарбия жана спорт академиясынын президенти Валерий Кимдин маегин жарыялады. «Менин уулум кылмыш жасайт дегенге мен ишенбейм», дейт В.Ким.

«Улуттук коопсуздук кызматынын тегерегиндеги ызы-чуулар азырынча токтобой калды көрүнөт», деп жазды жума күнкү «Аалам» гезитинде Рыскелди Момбеков. Учурунда 19 вагон контрабандалык товарды кармайм деп Акүйдөгүлөргө жакпай калган Ө.Субаналиев эмки чатактан кийин эмне болор экен, деп суроо коет макала автору.

«Алас» гезитинде президент К.Бакиевге парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун ачык каты жарыяланды. «Сиз Акаев түзүп кеткен саясий системаны өзгөрткүңүз келбей турганына ишене баштадым», деп жазат А.Бекназаров.

«Азыркы жүрүп жаткан саясатты байкаганга Акаев өзүнүн ордун атайын сизге таштап качып кетип, бирок Москвага барып өлкөнү сиз аркылуу башкарып жаткандай туюлат», дейт ачык кат ээси.

Азимбек Бекназаровдун «Президенттин дүлөйлүгү, көрмөксөн болгондугу күйгүзөт» деген аталыштагы маеги жума күнкү «Агым» гезитинде жарыяланды. «Азыркы кезде Кыргызстанда мамлекеттүүлүктүн биримдигин, бүтүндүгүн сактап калуу маселеси күч. А революция кылып, бийликти кууп чыгыш эл үчүн проблема деле болбой калды. Мындай кырдаалда конструктивдүү саясатчылар бүт биригүү менен майда-майда топко бөлүнүп кетүүгө каршы турушубуз башкы талап. Коркунуч ушунда», дейт парламент депутаты.

Президенттин Жалалабад облус губернатору Жусупжан Жээнбековду кызматтан алуу тууралуу жарлыгы, кайра калтыруу жөнүндөгү оозеки көрсөтмөсүн комментарийлеген макалалар апта соңундагы гезиттердин биртобунда жарыяланды. «Жер-жерлерде нааразылыктар чыгууда, бийликке тиш кайрагандар көбөйүүдө, президент унчукпай отурат. Акаев үчүн бүт соккуну өзүнө алган осмонакундары, жанузаковдору бар болчу, азыр болсо тескерисинче кылгылыктын баарын тегерегиндегилер кылып, айыптуусу Бакиев болууда» деп белгилейт «Агым» гезити.

Жума күнкү «Кыргыз руху» гезитиндеги Болотбек Таштаналиевдин ырасташынча, азыр президенттин бийлиги өзүнүн кичи Мекенинде деле өтпөйт, аны Таласта деле жактырышпайт экен, кыйладан бери бийликтин бары-жогун каракечеликтер, темир жолчулар тааныбай келишти.

Жаңы бийликтин кадр саясаты мурункусунан айырмасы жоктугу, мамлекет башчысынын айрым кадамдары адамды айран калтыра тургандыгы Токтогул Какчекеевдин ушул эле гезиттеги макаласында баяндалган.

«Чынын айтуу керек, бийликтин алсыздыгыбы же биздин жарандардын тар түшүнүгүбү, айтор, президенттин жарлыктарын аткармак тургай ага моюн толгоп өзүнүкүн гана туура көргөндөр, догурунгандар көбөйдү», деп жазат жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Бахтияр Шаматов.

«Саясат өзгөргөн жок. Эл айтып атат: коррупциянын карааны улам ачылып, мурдакыдан да күчөп, адилеттүүлүктү ажыдаардай оп тартып баратат. Биз коррупция азайбай жатат десек, өкмөттөгүлөр чычалап: «биз коррупцияны ооздуктадык» дешет. Эл көргөн көзүнө ишенеби же уккан кулагынабы? Элдин көргөнү башка, укканы башка болуп жатпайбы?», дейт парламент депутаты Кубатбек Байболов. Анын маеги жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде жарыяланган.

Бүгүнкү бийлик үчүн, башкалар үчүн деле адилдик, акылгөйлүк менен иш кылуу зарыл. Ушул сапат баарына жетишпей жатат, деп белгиледи 27-январдагы «МСН» гезитинде В.Тимирбаев.
XS
SM
MD
LG