Жаңылыктар | 02.11.2025 | Президент Жапаров уулунун "Берекет банкка" негиздөөчү болгону тууралуу маалымат берди
Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган “Берекет банк” жана ага уулу Нурдөөлөт Нургожоевдин негиздөөчүлөрдүн бири болгону тууралуу 2-ноябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде маалымат берди. Жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, президент аны мамлекеттик кылып ачууну сунуштаганда Чжао ага макул болбогонун айткан. “Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи”, - деди Садыр Жапаров. Президент жаңы ачылган “Берекет банкка” башка да негиздөөчүлөр кошуларын, банк көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барарын тактады.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 09, 2026Президент Жапаров эмнеден кооптонот? | Жаңылыктар | 09.09.2026
-
Сентябрь 08, 2026Президент министрлерди эмнеге алмаштырууда? | Жаңылыктар | 08.09.2026
-
Сентябрь 07, 2026Ташиевдерге тогуз жылдык жаза суралды | 07.09.2026
-
Сентябрь 04, 2026Сотто Ташиев суралып бүттү | Жаңылыктар | 04.09.2026
-
Сентябрь 03, 2026Орусиягы учкан кооптуу болуп калдыбы? | Жаңылыктар | 03.09.2026
-
Сентябрь 02, 2026Бишкекте Путин менен Пашинян кер-мур айтышты | Жаңылыктар | 02.09.2026
Шерине