Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Чегара эрежелерин көзөмөлдөө отрядына Европа кошууну жардам көрсөттү


ОШ. 26-январь күнү түштүк аймагы боюнча чегара эрежелерин көзөмөлдөө отрядына Европа кошууну тарабынан каржыланган чегара кайтаруу кызматына окутуу жана техникалык жардам көргөзүү долбоорлорунун бет ачары болуп өттү. Өзгөчө чегара тилкелеринде өткөрүү жана чегара көзөмөл бекеттерин бекемдөө, чегара аскерлери үчүн жаңыча окутуу системасын түзүү, аба дарбазаларынын аймагында чегара көзөмөлүн күчөтүү сыяктуу бир катар долбоорлордун алкагында Оштогу чегара аскер бөлүгүнө 16 ДЖИП, УАЗ автоунаасы, документтерди текшерүүчү техникалык жабдуулар, байланыш каражаттары тапшырылды. Мындан сырткары чегара аскерлеринин окуу борборуна кошумча жаңы үлгүдөгү адистештирилген компьютерлер, проекторлор жана башка сандык типтеги техникалык каражаттар ыйгарылды.


Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда, 26-27-январь күндөрү кардын калың жаашына байланыштуу Кыргызстандын аймагында көчкү жүрүшү мүмкүн. Кар көчкү Ош, Жалалабат облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун 121-138 жана 198-265 чакырымдарында болушу күтүлөт. 27-январда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында ал эми күндүз айрым облустарда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -3...-8 градус.
Таласта түнкүсүн -18...-23, күндүз -4...-9 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5 градус.
Нарында түнкүсүн -19...-24, күндүз -11...-16 градус.
Борборубуз Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -18...-20, күндүз -5...-7 градус болот.


Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу, Кубанычбек Жолдошев

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG