Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

ОРУСИЯЛЫКТАР КЫШТЫН ЭРТЕРЭЭК ЧЫГЫШЫН ЭҢСЕШЕТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусия жарандары быйылкы жылы кыштын болуп көрбөгөндөй суугун башынан өткөрүп атышат. Ошонун кесепетинен кай бир обулустар, шаарларда өнөр жай ишканалары жарым жартылай токтоп турат. Башталгыч мектептер менен бала бакчалар, соода тармактарынын кээ бирлери убактылуу жабылып калган. Бул күндөрү Новосибирск обулусунун жеринде мындан жүз жыл мурда болгон - 50 градустук суук болгон. Синоптиктер айтканга караганда ал аймакта мындай суук бул күндөрү уланып атат. Адисттер болжолунда мындай жагдай Арктикалык муз мухитинен ооп келген сууктун илебинен улам түзүлгөн.

Маскөөдө суук 30 градустун ары-бери жагында. Жер жерлерде абал мындан оор дешет. Маселен, Новосибир обулусунда ушул күндөрү кийинки бир кылым ичи боло элек 50 градустук суук катталды дешет. Түндүктө жашап көргөндөр айтканга караганда андай суук түшкөндө а тургай куштар да учпай калат экен.

Эмнеси болсо да обулустун гидрометтик борборунун маалымдоо катчысы Ринат Ягудин РИА «Новости» агенттигине айткан пикиринде: «январ айында мурда эч жолукпаган көрсөткүч Чанов жана Уст Тар райондорунда шаршембиде катталган жана алар: 48,1 жана 49,9 градустук сууктук болгон». Ошол эле синоптиктин кебине караганда: «жакынкы күндөрү аванын сууктугу 50 градустан төмөндөп түшүү күтүлөт. Бул аймакта кийинки жүз жыл ичи байкалбаган суук» - деген.

Обулустагы 30 гидрометеостанция көрсөткүчтөрүн алуу азыркы техниканын өнүккөн кезинде анча кыйын эмес дешет. Бирок Орусияга окшогон жери кең өлкө үчүн мурда болуп көрө элек кышты чыгаруу мүшкүл иш болуп атканы байкалат. Дүйшөмбүдө Маскөөгө танапташ жаткан обулус Парковый районунун жылуулук барчу ноосу тешилип тургундар суукка тоңуусу башталган. Ал окуя туурасында «Азаттыктын» кабарчысы Вера Володина айткан:

«Ошондон улам 26 тогуз кабат үй жылуулуксуз калган. Негизинен панелдүү үйлөр, аларда бардыгы 12 миңге чукул тургун жашайт. Ошондой эле лицей жана бала бакча жылуулуксуз калган», - дейт.

Мындай окуялар бул күндөрү кыйла болууда. Орусия бийлиги канчалык белсенип кыштын камын жегени менен жер-жерлерде жеп ичмелик, ага кошумча тургундарга жылуулук жекирүүчү тармактар советтик туштан жаңыланбагандыктан алардын иштеп бүтүү мөөнөтү жеткендиктен ал тармактардын өзүнөн өзү кыйроосу болуп атканын айтышат.

Аба ырайы боюнча анализчилер болжолунда «өлкөдө сууктун кескин түшүшү, арктикалык муз мухитинин суугунун абдан ылдый түшүп кетишинен улам болгон». Эксперттер болжолунда ал 10 январдан тартып бүтүндөй орусиялык мейкин-ойду каптап жатат. Том обулусунда суук, маселен, 53 градуска жеткен. Аяздын күчү жакынкы күндөрү Сибир тарпта субъектерде дагы төрт градуска артып, 57 градуска жетет дешет.

Нью-Йорктогу космосту изилдөө институту чыгарган жыйынтыкка караганда: «2005-жыл тарыхтагы алгач ирээт кездешкен эң жылуу жыл болгон». Ал институт тарптан 1890 жылдан бери өлчөнүп келе жаткан абанын жылуулугун салыштырып олтуруп илимпоздор ушундай жыйынтыкка келишкен.
Ал эми NASA өкүлү Дрю Шинделл (Drew Shindell) рейтер (Reuters) агенттигине мындай көрүнүш боюнча айткан пикиринде: «Менимче 2005-жылды кийинки бир нече кылымдар арасындагы чанда кездешкен ысык жыл болду десе адилеттүүлүк болор», - деген Шинделл мырза.
Кайсы бир окумуштуулар айтканга караганда Жер үстү кийинки 100 жыл ичинде 0,8 целсиялык градуска жылуураак болуп кеткен. Анча жылуулук Түндүк муз мухитинде каткан муз, аскада жаткан мңгүнү эритип андан чыккан суук ава менен түштүктү карай көчөт дешет. Ошондо нагыз аяз келет дешет. Андай суук болгондо кадимки эле муз болоттон кем эмес затка айланат. Аны чагуу кишинин колунан келбейт. Аны от гана эритип жеңе алат дешет.

XS
SM
MD
LG