Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

АКШ МЕНЕН ПАКИСТАНДЫН СЕЗИМТАЛ МАМИЛЕСИ КЕЗЕКТЕГИ СЫНООГО КАБЫЛДЫ


Исламабад менен Вашингтондун өз ара мамилеси ар кандай учурларды башынан кечирген. Маселен, 1960-80-жылдар аралыгында эки өлкөнүн мамилеси жылуу болгон. 1990-жылдары болсо сууй түшүп, АКШ, атүгүл, Пакистандын атомдук программасына байланыштуу ага каршы санкция киргизген. 11-сентябрь чабуулдарынан кийин Исламабад менен Вашингтон президент Буш эларалык терроризмге каршы согуш деп атаган күрөштө шерик болуп калышты. Айрым эксперттер жакындан талдай келгенде эки өлкөнүн мамилесин оңой деп баалоо кыйын деп ырасташат.

АКШ менен Пакистандын өтө сезимтал мамилелери ушул айда дагы бир олуттуу сынакка туш болду. Атап айтканда, 13-январда америкалык аскерлер Ооганстан менен чектеш Дамадола деген кыштакка ракеталык сокку урушту. Операция “Ал-Кайиданын” жетекчилеринин бири Айман аз-Завахрини жок кылууну максат кылган. Бирок согушкер ал жерде жок болуп чыкты. Чабуулдан кеминде 13 карапайым пакистандык ажал тапты. Ошондон бери өлкөдө антиамерикалык демонстрациялар тынбай келатат.

Шейшембиде Пакистандын премьер-министри Шавкат Азиз Вашингтондо президент Жорж Буш менен жолугушкан. Арийне, жетекчилер кабарчылардын алдында сүйлөп, сокку тууралуу сөз кылышкан жок. Анын ордуна экөө тең “Ал-Кайидага” каршы түзүлгөн альянстын маанилүүлүгүн белгилешти. Азиз болсо АКШга Пакистандагы катуу зилзаладан жабыркагандарга жиберген гуманитардык жардамы үчүн ыраазылыгын билдирди.

Мындан улам, премьер, ошондой эле президент Мушаррафтын туруму Пакистан элинин ой-тилектерине дал келеби деген суроо туулат.
Түштүк Азия боюнча изилдөөчү, вашингтондук Фредерик Грэйердин пикирине ылайык, пакистандыктардын көбү алардын өлкөсү АКШнын жардамына муктаж экенин жакшы түшүнүп, “Ал-Кайидага” каршы күрөштө америкалыктарга колдоо көргөзүүнү жактырышат.
Ошол эле мезгилде Пакистан ал-кайидачы деп шектелген согушкерлерди издеп табууну создуктуруп келатат:

Пакистандыктар террорго каршы урушту Кошмо Штаттары менен альянсын жандантуу үчүн колдонуп келатат. Эки жетекчилик ортосундагы жылуу мамиледен тышкары өз ара ишенбөөчүлүк өкүм сүргөндөн кийин Пакистан согушкерлердин бардыгын тез эле америкалыктардын колуна салып бербейт. Пакистан Америка аны дагы бир жолу сайга аркандап кетет деп чочулайт.

Стэнли Кобер жалпысынан пакистандыктар ашыкча антиамерикачыл эмес, алар АКШ менен кызматташтыктын керектигин андашат деген ойго кошулат.

Кобер Вашингтондогу Като университетинде эмгектенет:

Кээ бир пакистандыктар Америкага караганда талибанды артык көрүшөт. Айрымдары болсо:”Биз терроризмге каршы согушка кошулабыз, бирок силер бизди урматташыңар керек. Силер бизге суверендүү мамлекет катары мамиле кылышыңар керек. Бизди сыйлабасаңар, кызматташтыгыбызда пробелмалар пайда болот” деген турумду карманышат.

Кобер дагы бир учурга көңүл бурат. Атап айтканда, Пакистандын премьери президент Буш менен жолугушууга чейин эларалык саясат боюнча форумда сөз сүйлөп, анын өлкөсү Шанхай Кызматташтык уюмунда байкоочу статуска ээ болгонун эки ирет белгилеп кетти.

Муну менен Азиз Исламабад жалгыз Вашингтондун таасир чөйрөсүнө кирбей турганын ишара кылгысы келди, - деп эсептейт Кобер.

Өз кезегинде АКШ да Пакистандын негизги атаандашы Индия менен кызматташуусун өөрчүтүүдө.
Айтмакчы, март айында Буш эки өлкөгө визит менен барууну пландап жатат.

XS
SM
MD
LG