Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИ КРИЗИСТЕН ЧЫГА БАШТАДЫ


Кабыл Макешов, Бишкек 27- январда Бишкекте Улуттук олимпиада комитети эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык жаңы Уставы кабыл алды. Ошондой эле уюмдун жаңы 45 мүчөсү да шайланды.

Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында олимпиадалык хартияга ылайык жазылган жаңы уставы бир добуштан кабыл алынды. Жаңы уставка ылайык эл аралык спорт федерациялары тааныган өлкөнүн олимпиадалык түрлөрүнүн 27 федерациясынын жетекчилери УОКко мүчө болуп шайланды.

Олимпиадалык хартияга ылайык акыркы олимпиадалык оюндарга катышкан 5 спортчу да УОКтун мүчөсү болууга акылуу. Ошондуктан, спорт федерациялары көрсөткөн олимпида оюндарынын катышуучулары бокс чебери Айбек Абдымомунов, суучул Евгений Петрашов, оор атлетчи Улан Молдодосов, марафончу Ирина Богачева жана дзюдо чебери Наталия Кулигина улуттук олимпиада комитетине мүчө болуп бир добуштан шайланышты. Мурдатан бери УОКко мүчөлүккө көрсөтүлүп келген белгилүү балбан, маркум Раатбек Санатбаевдин ордуна грек- рим күрөш федерациясынын сунушу боюнча Азия чемпиону Данияр Көбөнов да мүчө болуп кирди.

Мындан сырткары өлкөнүн дене тарбия жана спорт агенттиги, майыптардын спорт федерациясы, улуттук олимпиадалык академия, олимпиадачылар ассоциациясы, спорт медиктеринин, спорт журналисттеринин федерациялары, студенттик спорт уюму, спорт ардагерлер ассоциациясы Улуттук олимпиада комитетинин катарына кабыл алынды.

Спорт тармагындагы жетишкендиктери эске алынып Кыргызстандын кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Войнов да УОКко мүчө болду. Улуттук спорт түрлөрүнөн көк бөрү федерациясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков олимпиадалык комитетке мүчө болуп кайрадан шайланды. Чыгыш күрөш түрлөрүнөн өлкөнүн айкидо федерациясынын президенти Гүлмиза Сейталиева да уюмга мүчөлүккө сунушталып, бир добуштан кабыл алынды. Ошондой эле спорт ордосу болгон Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов да УОктун мүчөсү болду.

Эгемендикти алгандан бери Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетин Эшим Кутманалиев уюштуруп, 13 жылдан бери башкарып келген. 2004- жылдын декабрында өлкөнүн бокс федерациясына жаңы президент болгон Айдар Акаев Улуттук олимпиада комитетине жетекчи болуп шайланган. Ыңкылаптан кийин Айдар Акаев ал кызматтан бошотулуп, мурдакы жетекчи Эшим Кутманалиев кайрадан Улуттук олимпиада комитетине президент кылып шайланган. Былтыр жайында бул уюмга президент болгон Жогорку кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 22-сентябрда атылып каза болгон.

Ошондон кийин олимпиада комитетинде кризис тереңдеп, жетекчилик орунду талашуу, бөлүнүп-жарылуу күч алып, натыйжада 5- январда болгон жыйында чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кадырбек Атакараев күтүлбөгөн жерден каза болгон. Ошол себептүү бул жыйында УОКтун жаңы уставы кабыл алынбай, жаңы мүчөлөрүн шайлоо үзгүлтүккө учураган. Олимпиада комитетинин соңку жыйынында кабыл алган чечимдер бул уюмдун кризистен чыга баштаганын көрсөтөт.

Эгерде талаш-тартыш токтобосо, жаңы устав кабыл алынбаса, эл аралык олимпиада комитети Кыргызстанга финансылык жардамды токтотуп, ал түгүл мүчөлүктөн чыгарып салышы да мүмкүн экендиги айтылып келаткан.

- Жаңыртылган Уставды эл аралык олимпиада комитетине жөнөтпөсөк, анда Кыргызстанга финансылык жардам болбойт. Ал түгүл бизди ЭОК мүчөлүктөн чыгарып салуусу, 2006- жылкы Катардагы 15- Азия оюндарына жана 2008- жылкы Пекин олимпиадасына катышпай калуубуз мүмкүн. Жаңы устав мыйзам чегинде добуш берүү менен кабыл алынды. 45 мүчөсү шайланды. ЭОКко жагдайды түшүндүрүп, кайрылуу жөнөттүк. ЭОКтон чыгыш оңой, ага кайра мүчө болуп кайра кирүү кыйын. Биз жеке кызыкчылыктарды гана ойлобой, өлкөнүн тагдырын, ар- намысын ойлошубуз керек,- деп билдирди жыйындан кийин Улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов.

УОКтун президентин шайлоонун мөөнөтү март айында аныкталат. Өлкөнүн фехтования федерациясынын президенти Рысбек Акматбаев УОКтун президенттигине өз талапкерлигин койбогондугун жана дагы койбостугун «Азаттыкка» расмий маалымдады. Жаңы уставка ылайык жетекчини шайлоого чейин өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Мурат Саралинов улуттук олимпиада комитетинин президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
XS
SM
MD
LG