БИШКЕК. 26-январда Бишкек-Ош автожолунун 247-248 чакырымында 1 миң 800 кубметр өлчөмүндөгү кар көчкү түштү. Ал эми Төө ашуунун түштүк тарабында 3 кар көчкү жүрүп алардын көлөмү 32 миң кубметр болду. Бишкек-Ош автожолунун айрым жерлеринде кар көчкү жүрүү коркунучуна байланыштуу саат 19.00дан таңкы саат 6.00 чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 27-январда билдиришти. Маалыматка караганда Чүй, Жалалабад облусунун тоолу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун 121-138 жана 198-265-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу бар.