Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Ф. Куловдун билдирүүсүн президент бир аз шашылган деп баалайт


БИШКЕК. Премьер- министр Феликс Кулов менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевдин өз ара айыптоолору президентти өкүндүрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Надыр Момунов билдирди. Анын айтымында, президент жогорку рангдагы бийлик өкүлдөрүнө мындай айтышуу жарашпайт деген пикирде. 25- январдагы премьер министр Феликс Куловдун билдирүүсүнө да мамлекет башчы өз баасын берген.

-Премьер министрдин билдирүүсүн президент мыйзам чегиндеги, бирок шашмалык катары баалайт. Ал эми андагы айтылган маселелер президенттни көңүл борборундагы жана күнүмдүк иш тартибиндеги маселелер,-деген пикирин билдирди президенттин басма сөз катчысы Надыр Момунов. Анын айтымында, президент азыркы өкмөт менен иштеше бермекчи жана кадрдык башаламандыкка жол бербейт.
Премьер- министр Феликс Кулов 25- январда кылмыштык топтор бийлик менен коюн- колтук алышып атат деп билдирүү жасаган.

XS
SM
MD
LG