Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Саясий тыңчылыкты токтотуп, кылмыштуулук менен күрөшүү зарыл


БИШКЕК. Тажрыйбасыз, профессионал эмес адамдардын атайын кызматка капыстан келиши мамлекеттин тагдырына коркунуч туудурат. Улуттук коопсуздук кызматы өлкөнүн бүтүндүгүн жана коопсузугун камсыз кылуунун ордуна саясий тыңчылык менен алп урушуусун улантууда. Ушундай өңүттөгү кайрылууну бир катар бейөкмөт уюмдар 27-январда мамлекет башчысына жана премьер-министрге жолдошту. Кайрылууда прокуратура системасы мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кыла албай жатат. Прокуратуранын, соттун, милиция кызматынын жетекчилерин тууганчылдык жана өң тааныштык мамилелер байланыштырып турат, деп айтылат. Ошондой эле Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө күчү жетпей, буйрутма адам өлтүрүү боюнча кылмыштардын бетин ачууда начар иштеп жаткандыгы белгиленген. Бейөкмөт уюмдары президенттен жана премьер-министрден мыйзамсыз аракеттерди, чиновниктердин өзүм билемдигин, криминалитеттин чабуулун токтотууну, дүйнөлүк коомчулукка мамлекеттин беделин түшүрбөөнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG