Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

ЖАЛАЛАБАТ : УУРДАЛГАН 22 МИЛЛИОНДУН ИЗИ ЧЫГА ЭЛЕК


Былтыр март ыңкылабы чагында Улуттук банктын Жалалабаттагы башкармалыгынан 22,7 миллион сом акча жоголгон. Ал акчалардын дайыны алигиче чыга элек. Ага байланыштуу кылмыш иши сотко өткөрүлгөн, бирок, айыпкер менен жабырлануучунун соттук кароого келбегендигинен сот иши каралбай келатат.

Былтыр март айында миңдеген адам облустук бийликтин маңдайында экс-президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып турган кезде Улуттук банктын облустагы бөлүмүнөн 22.7 миллион сом акча жоголгон. Ыңкылапты коргоо боюнча элдик кошуунга «экс-президенттин жактоочулары Бишкектеги акчаларды тоноп жатышыптыр» деген маалымат түшкөн.

Жалалабаттагы банктагы акча да дайынсыз жоголушун каалабаган элдик кошуундун мүчөлөрү 12 кап менен кагаз кутуга салынган акчаны ички иштер башкармасына өткөрүшкөн. Окуянын күбөсү Гамаль Сооронкуловдун көрсөтмөсүнө ылайык акчаны банктан аларда кошуун менен бирге бейтааныш жана кылмыш дүйнөсүнө тиешелүү адамдар да болгон. Башкы прокуратура уурдалган акчага айыпкер катары Нурлан Нышанов аттуу жаранга 6 беренеден турган кылмыш ишин ачкан. Тергөө ишин облустук прокуратура жүргүзүп, иш Жогорку соттун токтомуна ылайык Өзгөн райондук сотуна тапшырылган.

Кошуундун төрагасы жана Нышановдун коомдук жактоочусу Гамаль Сооронкуловдун белгилешинче элдик акчаны коргогон адамга кылмыш иши туура эмес ачылган. Нышановду жоопко тарткыча сыйлоо керек болчу. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз. Ыңкылапчылар Нышановдун тагдырына тынчсызданышууда.
- Бул элдин акчасын сактап калуу операциясы болгон. Анткени ошол 24-март күнү эртең менен Бишкекте Энерго банктын акчасын алып чыгып кетишкен Айдар Акаевдин балдары. Ошол акчаны биздин балдар УВДнын оружейный комнатасына сактаган. 25-мартта администарциядагы чогулушта ошол балдарга сыйлык берилмек болчу. Бирок биздин Нурланыбыз жок, ал качып кете турган жигит эмес эле, аны баарыбыз жакшы билебиз. - дейт Гамаль Сооронкулов.

Сот иши үч жолу артка жылдырылгандан кийин ал кайра облустук прокуратурага кайтарылган. Прокуратуранын бөлүм башчысы Таалай Абдрасуловдун жообуна караганда шектүү адам менен анын адвокаты сотко барбай койгон:

- Өзгөн шаарынын соту тарабынан ишти кароо боюнча үч жолу дайындалган күндөр болгон. Ошол күндөрү айыпкер Нышанов Нурлан келбей калган себептер менен кайра-кайра кароолор башка күндөргө жылдырылган. Азыркы учурда Нышановдун жүргөн жери аныкталбай жаткандыктан аны табышка мүмкүнчүлүк болбой турат, ошол себептен сот иши каралбай турат. Бирок тергөө амалдары бүтүп сотко өткөрүлүп берилген.

Убактылуу губернатор Жусупжан Жээнбеков жоголгон акча табылат деген ишенимде жүрөт:

- Азыркы күндө 22 млн. 700 миң акча табыла элек, бирок тергөө жүрүп атат, жиптин учу кармалды деген сөз бар, бирок азыр бул иш жашыруун. Табылат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG