Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

ОРУСИЯ СОВЕТТИК АТУУЛДАР ЭСЕБИНЕН ЭЛИНИН САНЫН АРТТЫРДЫ. ЕврАзЭС ЖАНА ТАШКЕН. КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЛМЫШКЕР ЖААТЫНЫН БИЙЛИККЕ АЛЫ ЖЕТЕБИ?


Орусияда жакында КМШ өлкөлөрүнөн келип жашап аткан мигранттарга атуулдук берүү болгон. ЕврАзиялык Экономикалык уюмдун катары Өзүбекстандын кошулуусу менен арткан. Кыргызстанда кылмыштуулук бийликке кантип жолтоо болуп жатканы орус тилинде чыкчу маалымат каражаттарында өз баасын алып атат.

Мурунку аптада жарык көргөн орусиялык көп басылмаларда КМШ өлкөлөр турмушунан кыйла макала анализдер пайда болду.
Жума күнү «Время новостей» үч айга созулган азган-тоскондор арасынан оңойлотулган жол менен орусиялык атуулдукка алуу кандай болгону туурасында жазды. Былтыр жыл этегине чукул президент Путиндин демилгеси менен КМШ өлкөлөрүнөн келип 2002 жылдан бери атуулдук ала албай жүргөндөргө мунапыс жарыяланган. Ошол ишти турмушка ашыруу кандай болгонун Федералдык миграция кызматтын жетекчиси Вячеслав Поставнин айтып берген.

Мунапыс 2005-жылдын 22-сентябринен 1-декабрине дейре он аймакта, так айтканда Маскөө, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларында, Краснояр, Примор жана Краснодар крайларында, Маскөө, Ом, Иркут жана Сахалин обулустарында жүргүзүлгөн. Натыйжада орусиялык атуулдар саны 7 миң 500 кишиге көбөйгөн. Алар дээрлик КМШ өлкөлөрүнөн ооп келгендер арасынан тандалган. Аларга мунапыс жарыялоо өлкөнүн казнасына 350 миллион рубл киреше алып келген. Ошол эле учурда азыр ар бир мыйзамсыз келген кишини чыгарып таштоо үчүн өлкө бүжетинен бир миң долларга чукул чыгым төлөп атышын да айта кеткен.

Федералдык миграция кызматынын өкүлү ал жерде, азыркы тушта, Орусияда 10 миллионго чукул ар кайсы мамлекеттен мыйзамсыз келип бийликтен жашырынып жашап жүргөндөр бар деген.

«Аргументы и факты» мурунку аптада Санкт-Петербургда олтуруму аяктаган ЕврАзЭс – евразиялык экономикалык кызматташуу уюмунун катары артып, ага Өзүбекстандын кошулганы туурасында жазды. Басылма анализчилер баасында, «бул жерде бир эле экономикалык кызыкчылык жатпайт. Президент И.Каримов 2001-жылы учактык майданын Ооганстанда операциялар аяктаганга дейре АКШга ижарага берген. Бирок Анжыян кандуу козголоңунан кийин Америка менен оту күйүшпөй кеткендиктен, ал учак майдандарын ижарага берүүдөн баш тарткан». Мындай жагдайды Делавэрдик университетинин профессору Сергей Лопатников: «Вашингтондун кетирген катасы – бул жерде Орусияны тез аранын ичинде Борборазиядан сүрүп чыгарамын далалаты болду. Натыйжада азиялык жумурияттар Орусияны карай качышты», - деген.

«Газга киши айырбаштайбыз»,-деген аталыш менен улутчул жаат түркүк кылган «Завтра» басылмасы шаршембиде көлөмдүү макала басты. «Көптөгөн эксперттер бышыктаганга караганда, Кремлдин бул жолку газдын наркын кымбаттатуу үчүн түндүк атлантикалык өнөктөштөргө берген убадсы – анын (газдын – ММ) ордуна Абхазия, Приднестровия жана Түштүк Осетияны беремин деши болгон. Мунун чындыкка окшогон жагы бар: ири корпорация кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыктан өйдө коюу азыркы Кремл жүргүзүп аткан саясатка окшоп турат», - деп айтылган ал жерде.

Кыргызстанда кылмыштуулук кантип бийликке жолтоо боло баштаганы туурасында «Время новостей» жазды. Шаршембиде Феликс Куловдун өлкөдө бийлик менен кылмыштуулук коюн колтук алышып калганын жашырбай этпей айтышы кыйланы ойлонткон жорук болду деп жазат Аркадий Дубнов. Ал жерде Кыргызстан ИИМ маалыматына таянып өлкөдө азыр 22 уюшулган кылмыштуу топ бар экенин да мисал келтирген.

Өкүмөт башчы кылмыштуу жаат менен күрөшүү колунан келбейт деп УКК жетекчиси Таштемир Айтбаевдин ысмын атаган. Андан тышкары «сот, прокурор баш бербейт» деп даттанган деп келип, деп келип газета «Конституция арибине ылайык алар мамлекеттин аткаруу бийлигине чындыгында «баш ийбеши керек», эмне дегенде алардын ар бири өз алдынча көз карандысыз институттар, алар ошонусу менен баалуу» - деп жазат.

Газета андан ары: «Куловдун уккандын көөнүн уйгуткан билдирүүсүн көңүл коюп карай келгенде анын өзүнүн бир тандемдеги өнөгү тарапка карай ыргыткан кандайдыр бир саясий «куткаруу түрмөккө» окшоп турат деген жыйынтыкка келесиң. Бирок Бакиев ыргытылган «куткаруу түрмөктүн» учун алабы жокпу азырынча белгисиз», - деп жазат басылма.
XS
SM
MD
LG