Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

КЫРГЫЗСТАН СИСТЕМАЛЫК КРИЗИСТИН КУЧАГЫНДА


Кыргызстан системалуу кризиске капталганы кыйладан бери эле айтылып келатат. Ага жүйөө катары 24-марттан кийин мурдагы башкаруу механизми өзгөрүлбөй калганы, саясий-экономикалык реформалар жүрбөй турганы мисалга тартылууда. Ушул аптада парламентте кенен эки күн чоң талкууга алынган күч кызматтарын реформалоо маселеси соңунда барып кадыресе чечим менен бас-бас болунду.

Депутаттардын кат-кат өтүнүчү президентке да жеткен белем, УКК төрагасы Т.Айтбаевди кызматтан алууга жетиштүү далилдер болбогондуктан ал ордунда кала тургандыгын президенттик администрация аркылуу мамлекет башчы маалым кылды.

Конституциялык реформа күзгө чейин калтырылгандан кийин кыйла басаңдай түшкөн саясий талаш-тартыштын деми Улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Алдаяр Исманкуловдун Ички иштер министрлиги тарабынан кармалышынын чоо-жайын талкуулаган парламент жыйынында кайра күчөп чыкты. Чогулуш маалымдоо каражаттарынын да көңүл чордонунда турду. Улуттук телекөрсөтүү аркылуу жумурай-журт парламентте болгон кеп-сөздүн текши баарын угуп-көрүп, саясий тирештин чоо-жайынан кыйла кабардар болду.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, калк бийлик тепкичтеринде болуп жаткан окуялардан такай кабардар болуп турушу керек.

- Муну системалуу кризис деп айтса да болот. Бирок кризиске көнүп калгандан кийин биздин кээ бир саясатчылар кризисти стабилдүүлүк деп жүрүшөт. Бул да туура. Кризис стабилдешип калгандан кийин эч реформа болбой калды. Мындай бир жагдай болуп атат. Демократияны курабыз деп атабыз дагы, ага социалисттик системанын механизмдери менен баратабыз. Укук коргоо системасы ошол боюнча иштеп атат. Кеп В.Ханда деле эмес, А.Исманкуловдо деле эмес. Кеп биздин канча Исманкуловду биле электигибизде, канчасы ачыкка чыкпай жаткандыгында.

«Курманжан датка» фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева принципиалдуу маселени учурунда козгогон парламент батылдыгын аягына чейин көрсөтө албады деген пикирде.

- В.Хан менен А.Исманкуловдун көрүнүшү - биздин кризиске батканыбыздын белгиси. Бирок аларды ачыкка алып чыгышы, мейли ал Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүбү же башка бир күчтөрдүн негизинде парламенттин талкуусуна алып чыгышты. Мен ойлойм, бул кризистен арылууга мүмкүнчүлүк бардыгын билдирген жакшы окуя болду. Бирок кечээки парламентти карап туруп өзүнүн позициясын катуу кармаган депутаттардын артка кайтып, тайсалдап калганы өкүнүчтүү болду.

Парламенттин чоң талкуусуна түшкөн Улуттук коопсуздук кызмат төрагасы Таштемир Айтбаев Алдаяр Исманкуловдун айланасында болуп жаткан окуянын себеп-жөнүн бийликке умтулгандардын, атап айтканда, азыркы өкмөт башчы Феликс Куловдун позициясына байланыштуу түшүндүрөт.

- Мени жарга такап алышты. Эгер талап кылсаңар мен көп нерсени айтып берем. Бир нерсени айтып коеюн, мен көп ойлондум, эмнеликтен мамлекеттик деңгээлдеги ушундай адам, Феликс Кулов алдына бир гана максат коюп алган? Кандай да болсо генерал Т.Айтбаевди ээрден шыпырып түшүүнүн аракетин жасап келатат. Мен деле ошондой эле генералмын.

Т.Айтбаев А.Акаевдин тушунда Феликс Куловго каршы козголгон кылмыш иштерине эч кандай тиешеси жоктугун белгилеп, баары өз жайына келерине ишене тургандыгын парламенттик жыйында ачыкка чыгарды.

Ф.Кулов бийлик менен криминалдын карым-катышы кийинки кездери коркунучтуу чекке жеткенин айтып, ага себепкер катары эки адамдын атын атаган. Анын мисалы катары куралы, баңги заттары менен колго түшкөн Улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм жетекчисин прокуратуранын бошотуп жиберүүсү менен Рысбек Акматбаевдин соттон акталып чыгышын көрсөткөн.

- Улуттук коопсуздук кызматы кылмышкерди коргобогон, мамлекеттик коопсуздукту сактаган орган болушу керек, анын катарында кылмышкерлер болбосун,- дейт Феликс Кулов.

Парламент жыйынында чоң талашка Коопсуздук кеңеш катчысынын орунбасары Валерий Хандын таржымалы түштү. Анын үч өлкөнүн жараны экендиги, эмнеликтен Казакстандын мыйзам сактоо органдары издеп жүргөн бүдөмүк иштүү бизнесчи жооптуу кызматка дайындалышы депутаттардын түкшүмөл суроосун көп жаратты.

Коопсуздук кеңеш катчысынын орунбасары 24-марттан кийин аны Казакстанда иштеп жүргөн жеринен Бишкекке жооптуу ишке чакырганын айтат.

- Менин билишимче профессионалдарды чогулта башташкан экен. Мага да телефон чалышты,- дейт В.Хан.

Коопсуздук кеңеш катчысынын орунбасары менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисин иштен алуу тууралуу башында парламент демдүү баштаган талкуу президент К.Бакиевдин Жалалабад облус губернаторун бошотуу жөнүндө артынан чоң талашты ээрчите келген жарлыгынан кийин башталды. Парламент депутаты Темир Сариевдин айтуусунда, мамлекеттин мындан аркы тагдыры кылдын учуна келген чагы, бийликтин колу кыскарып, үнү ушу тапта Жалалабад, Талас, Каракечеде угулбай туру.

Кыш чилдеде күчөгөн кызуу талаш-тартыштар азырынча бийлик менен анын каршылаштарынын ортосунда жүрүүдө. Кыргызстан дагыле саясий тирештин айлампасынан чыга албай келатат. Өчүп барткан талаш өртүнө чычаланы бийликтин өзү байкоостонбу же атайылаппы таштап жатканы маалымдоо каражаттарында байма-бай айтылууда.

XS
SM
MD
LG