Иракта барымтага алынган германиялык эки инженер немис өкмөтүнө кайрылып, кантип болсо да аларды чыгарып кетүү үчүн чара көрүүсүн суранышты. Арап тилинде обого чыкчу Ал-Жазира телеканалынан көрсөтүлгөн видео-тасмада барымтадагылар өздөрүнүн аттары жазылган баракты кармап турушканы, немис өкмөтүнө кайрылуу жасашканы көрүнөт. Бул эки инженер өткөн шейшембиде Багдаттан 200 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Байжи шаарында уурдалып кетишкен.
Соңку бир эле айдын ичинде 5 чет-өлкөлүк адам Иракта барымтага алынган.
Соңку бир эле айдын ичинде 5 чет-өлкөлүк адам Иракта барымтага алынган.