Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Палестина автономиясында жаңы өкмөттү ХАМАС түзөөрү күтүлүүдө


Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас палестин парламентине болгон шайлоодо “ХАМАС” согушчул топ жеңип чыккандан кийин деле ал Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрө берээрин билдирди.
Шаршембиде палестин парламентине шайлоо өтүп, анда башкаруучу ФАТАХ партиясы менен согушчул ХАМАС тобу депутаттык орундар үчүн ат салышкан эле. Шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, ХАМАС парламенттеги 132 орундун 76 сын утуп алды. Ал эми ФАТАХ 46 орунга ээ болду.
Автономиянын премьер-министри Ахмед Курей кызматынан чегингенин жарыялады. Ал эми анын “ФАТАХ” партиясы жаңы өкмөттү куруу үчүн биргелешкен коалицияга кошулуу тууралуу ХАМАСтын сунушуна каршы экенин билдирди.
Палестин лидери Махмуд Аббас ХАМАСты эми жаңы өкмөттү курууга чакырып, бул топко эл аралык ишенимге ээ болуу татаал болоорун эскертти.

- Жаңы өкмөт эми дүйнөлүк ишенимге кирип, оккупацияга каршы иш жүргүзүшү үчүн, Йордан дарыясынын Батыш жээгиндеги тосмону уратып, камакка алынган биздин эр жүрөк жарандарыбызды бошотуу үчүн, ошондой эле, Иерусалимди көз-карандысыз Палестинанын баш калаасы кылып орнотуу үчүн өтө катуу иштеши керек болот, - деди палестин лидери Махмуд Аббас.

ХАМАСтын шайлоодогу жеңиши Жакынкы Чыгыштагы тынчтык орнотуу маселесинде эларалык тынчсызданууну жаратты.
Кошмо Штаттары жана европалык мамлекеттер шайлоодо жеңген согушчул топту эми зомбулуктан баш тартууга чакырышты. Ал эми Израиль, эгерде жаңы өкмөттү ХАМАС түзө турган болсо, анда ал жаңы кабинетти өкмөт деп тааныбай турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG