Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

УЛУУ МОЦАРТТЫН 250 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕ БАШТАДЫ


27-январда дүйнөнүн эң улуу композиторлорунун бири Вольфганг Амадей Моцарттын 250 жылдыгы белгилене баштады. Бир жылга созула турган салтанаттардын чордонунда Моцарттын туулган жери Австриянын Зальцбург шаары болмокчу.

Моцарт 1756-жылдын 27-январында Зальцбургта музыканттардын үй-бүлөөсүндө туулган. Атасы Леопольд мыкты хормейстр, мугалим жана музыкант болгон. Жети бир туугандын арасынан Моцарт жана Наннерль деген эжеси гана тирүү калган. Вольфганг 5 же 6 жашында эле музыка жаза баштаган, -

деп баяндайт Прагадагы Моцарт музейинин директору Ленка Покорна.

Леопольд Моцарт абдан таланттуу музыкант болгон, ал баласынын музыкалык шыгын байкап, анын талантын кеңири публикага таанытууну өзүнө милдет кылып алган. Моцарттын бала кезинде атасы аны жана эжесин алып алып Европаны бир нече жолу кыдырып чыккан. Экөө тең Европанын негизги падышалары алдында чыгып, музыка аткарышкан, -

деп улантат – Лидс университетинин Моцарт боюнча эксперти Рэчел Коужилл.

Бул болсо Моцарттын чыгармачылыгы боюна дагы бир адис Клиф Айзен:

1784-86-жылдардын аралыгында жазылган фортепиано үчүн концерттер Моцарттын эң ийгиликтүү доорун чагылдырат. Ал 1781-жылы Венага жайгашып, баш калаанын клавишалык инструменттерде ойногон эң мыкты музыканты болуп калат.

1787-жылы Моцарт Прагага келип, Бертрамка деген жерде Дон Жованни операсын аяктайт. Анын увертюрасын композитор бет ачардын алдында жазып бүтөт. Музыканттар ал ноталарды биринчи жолу ошондо гана көрүшкөн. Операнын бет ачары абдан ийгиликтүү өттү.


1788-1791-жылдары Австрия Түркияга каршы согушуп, концерттер азаят, байгер-соопкерлер музыканттарга азыраак көңүл буруп калышат. Буга карабай, Моцарт үчүн 1791-жыл өтө ийгиликтүү болгон. Ал “Сыйкырдуу флейта” операсын жазат, Реквием чыгарууга тапшырык алат. Падыша ага жетерлик жалыйна бөлп берет. Бирок композитор бары бир кенен- кесир турмушка, байгер оокатка жетпей көз жумат.
XS
SM
MD
LG