Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:42

НАРЫНДА СУУК ЭШИКТЕН ҮЙДҮН ТӨРҮНӨ ЧЕЙИН СОГОТ


Нарында түнкүсүн 30..35, күндүз 20…25 градуска чейин суук болуп жаткан учур. Имараттар жакшы жылытылбагандыктан Нарын шаардык жана райондук өрткө каршы №16 аскер бөлүгүндөгү өрт өчүрүүчү машиналарындагы суулар тоңуп, жарылып кетпеши үчүн көң менен жылытып жатышат.

24-январда Нарын шаардык жана Нарын райондук өрткө каршы №16 аскер бөлүгүндө болдук. Жылытуу мезгили башталгандан бери эле ойдогудай жылуулук берилбей, натыйжада өрт өчүргүчтөp үйлөрүнөн көң алып келишип, колго жасалган меш менен машиналарды жылытып жатышат:

- Өзүбүз үйдөн бир мүшөк көң сүйрөй келип жагабыз, котельныйдан көмүр алалы десек алардын майда көмүрлөрү күйбөйт - дейт өрт өчүргүч Улан Кулмурзаев.

Аталган кызматтын күзөт башчысы капитан Айбек Жапаров ичине 2 тонна 100 литр суу баткан машиналар өрттөн кийин суу болуп кургабай турган кийимдер жөнүндө буларды айтып берди:

- Кыш келгенден биздин проблема башталды. Машиналар турган бокстар, гараждар температурасы 0 градустан ылдый болуп, ичиндеги суулар тоңуп, түнүчүндө машинелерди 2-3 жолудан оталдырып атабыз. Балдар өрттөн буттары суу болуп келет, ошону кургатканга жерлер жок. Жатаканабыз да муздак. Кабинеттерде болгон радиаторлор жарылып атат чекесинен, мындай темп менен жүрүп отурса бүт эле жарылып эмки жылга эч нерсе калбай калат.

Андан соң Нарын шаардык борборлоштурулган жылуулук берүүчү ишканасында болдук, кимге келдиң деген адам болгон жок. Кесек көмүр болсо биз да салып кетсек эч ким токтотпочудай. Нарын шаарында көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Дүйшөке Айтиев жылуулук берүү мезгили башталганда эки күн гана үй жакшы жылыган дейт:

- Бүгүн эшик менен үйдүн айырмасы жок. От жагылбайт, жагылса жетпейт бизге. Өзүбүздү эмес батарейди сынбасын деп жылытып атабыз. Кыш башталганда эки күн эле жылыдык.

Борборлоштурулган от казанга жакын жайгашкан көп кабаттуу үйдүн дагы бир жашоочусу Динара Мукамбаева көмүрлөр уурдалууда деген пикирде:

- Биз мэрге, милицияга дагы арыз жазып, бирөөнөн да жооп ала элекпиз. Чоң-чоң көмүрлөрдү мешокторго салып уурдап, кайра мешоктоп сатып атышат. Майда кум көмүрлөр калат. Биз видеокамерага уурадап атканын тартып алганбыз. Нарындын жер тамда жашаган эли Каракечеден тартып келип көмүр сатып албайт, бүт котельныйдан сатып алышат.

Биз болгон борбордоштурулган от казандагы көмүрлөрдү көрдүк. Чоң короодо жылдап чогулуп үйлүп жаткан майда кум дегенибиз жагылуучу көмүр болуп чыкты. Маектешим Дүйшөке Айтиев уурдалган жок, көмүрлөргө карапайым эл акча төлөйт дейт:

- Базадагы көмүрдү алтын кенин казгандай атайлап казып, элеп кезегин мүшөктөп сатып атышат. Жыйынтыктаганда тонналаган күлдү жагылды деп карапайым элдин акчасын алат. Булардын жегенин, ичкенин, сатканын төлөп куурап отурат эл.

Нарын шаар башчысынын биринчи орунбасары Кубан Нурмамбетов шаар элинин жылуулук үчүн 17 млн. сом карыз экендигин маалымдады. Буга чейин шаар жашоочуларынын арыздарын иликтөө үчүн атайын топ түзүлгөндүгүн, жыйынтыгы эки күндөн соң белгилүү болорун кабарлап, ошондо кенен маек берерин убада кылды.

XS
SM
MD
LG