Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

БАКЫТ ОРУНБЕКОВДУ КОРГОО АКЦИЯЛАРЫ БАШТАЛДЫ


Бишкекте Бакыт Орунбековду мыйзамсыз иш-аракеттерден коргоо комитети түзүлдү. Аны «Кыргыз туусу» гезитинин баш редактору кызматынан алган премьер-министрдин чечимине каршылык көрсөтүп бүгүн Тогуз-Торо районунда үч жүздөн ашык адам катышкан нааразылык акциясы болуп өттү. Жыйынга катышкандар премьер-министрдин чечимин сөз эркиндиги үчүн кодулоо, кысымга алуу аракети катары айыпташты.

Б. Орунбековдун негизсиз бошотулганына нааразылык айтылган билдирүүлөр Жалалабат дубанындагы бейөкмөт уюмдардан, маалымат каражаттарынан да таркатыла баштады. Анткени, Б. Орунбеков Жалалабат областында бир топ жыл бою мамлекеттик кызматта, гезит редактору болуп иштеп келген.

«Кыргыз туусу» гезитинин эмгек жамааты Бакыт Орунбековду колдоо комитетин уюштуруп, гезит окурмандарынан тилектештик максатында кол топтоо акциясын баштады. Эмгек жамааты бүгүн Президент К. Бакиевге, премьер-министр Ф. Куловго, ЖК төрагасы Ө. Текебаевге Кайрылуу кабыл алышты. Анда Бакыт Орунбеков баш редактордун кызматынан негизсиз алынганы, премьер-министрге буйругун кайта чакырып алуу өтүнүчү айтылган. Эгерде өкмөт башчысы макул болбосо, анда «Кыргыз туусу» гезитинин эмгек жамааты каршылык акцияларына чыгып, Б. Орунбековду мыйзамдуу чаралар менен коргоп калууга даяр экендигин билдирген. Гезиттин эмгек жамааты 30-январда премьер-министрдин чечимине каршылык көрсөтүү иретинде Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгууга камынууда.

Б. Орунбеков «Кыргыз туусу» гезитинин баш редактору кызматынан 27-январда премьер-министр Ф. Куловдун буйругу менен алынган. Б. Орунбеков буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай, кемчиликтерин оңдобой койгондугу үчүн алынганын Өкмөт аппаратынан билдиришкен.
XS
SM
MD
LG