Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

КЫТАЙ ЖАҢЫ ИТ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ


Жаныл Жусубжан Кытай ушул күндөрү Күн Чыгыштын ай менен эсептелинген Жаны Жылын майрамдоого даярданып жатат.

Кыргыздар Ит жылын эбак эле тосуп коюшту, бирок Чыгыш календары боюнча ал ушул күндөрү башталып жатат.

Бейжиндеги майрамда ашпозчу ушинтип ары бери өткөндөрдү палоого чакырууда. Бир айга созулуучу майрамдардын очогу салттуу храмдар болуп саналат.

Бейжиндеги Дитан паркындагы храмда балдар тыйын ыргытып ойношууда. Башка бурчта императордук замандан калган курмандыкка чалуу иш-чарасы өтүп жатат. Мындан башка да оюн зооктор жетиштүү. Улуттук кийим кийген кишилер жана аялдар түстүү желекчелерди булгалап бийге түшүшүүдө. Храмдын бул коногу Дитан Паркына келгенди жакшы көрөм дейт. Майрамда албетте соодагерлер пайдага марышат.

Бир соодагер Жазгы Фестивал деп аталган жаңы жылдык шаан-шөкөттө элдин маанайы көтөрүңкү болуп көп соода жасашаарын айтат. Кытай календары боюнча 12 жылдык циклда ар бир жыл белгилүү жаныбардын кулк мүнөзү менен аныкталат. Өтүп бараткан Тоок жылы турмуш курууга туура келбеген жыл деп саналат. Ошондуктан, бир жыл зарыгып күткөн жаш жубайлар жекшемби күнү башталып жаткан ит жылынын биринчи күнүндө үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө ашыгышат. Ит жылында согуштар жана жаратылыш кырсыктары аз болот деп айтышат. Бейжинде бийликтер от оюндарына салынган 12 жылдык тыюну күчүнө кетиришкендиктен, быйыл түнкү асманда түркүн түстүү оттордун жандырылышы күтүлөт. От жаңы жылга кошо кирүүгө аракеттенген терс күчтөрдүн жолун бөгөйт деп эсептелинет. Бирок бийликтер коопсуздукка айрыкча көңүл бурууга мажбур, себеби от оюндарынын мезгилинде ар кандай кокустуктар көп болот. Жардырууларда манжаларын жулдуруп, өмүрүнөн да ажырап калгандар кездешет. Быйыл баш калаа Бейжинде ушуга байланыштуу миңдеген тартип коргоочулар жана 4 миң чакты өрт өчүрүүчүлөр жайгаштырылды.

XS
SM
MD
LG