Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Кытай Ирандын уранын Орусияда байытуу боюнча Москванын сунушун колдойт


Бул тууралуу бүгүн Кытайдын Тышкы иштер министри Конг Куан кабарлады. Кытайлык министр бул билдирүүсүн Ирандын Коопсуздук Кеңешинин башчысы Али Ларижини Кытайдагы ырасмий өкүлдөр менен сүйлөшкөндөн кийин жасады. Иран ушу тапта Кошмо Штаттары жана Евробиримдик анын өзөктүк программасы боюнча ишти Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешине өткөрбөсө экен деп аракет кылып жатат. Анткени эгерде Ирандын иши Улуттар уюмунда карала турган болсо, Тегеранга каршы санкциялар киргизилиши мүмкүн. Кытай - Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу беш мамлекеттин бири. Андыктан Тегеранга каршы аракеттерге добушун бербей коюушу да мүмкүн.

-

XS
SM
MD
LG