Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Финляндияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө


Мамлекет башчысынын кызматына азыркы президент Тарья Халонен менен өлкөнүн мурдагы каржы министри Саули Ниинисте атаандашууда. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Тарья Халонендин шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ал биринчи айлампада 46%, ал эми атаандашы Ниинисте 24%дан ашуун добуш топтогон. Экинчи айлампада талапкерлердин биринин жеңип чыгуусу үчүн шайлоочулардын жөн гана көпчүлгүнүн добуш алуу эле жетиштүү болот. Финляндияда президенттик кызматтын мөөнөтү алты жыл.

Жаңыл Жусупжан, Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG