Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Кувейтте өлкөнүн жаңы эмири антка келтирилди

Бүгүн премьер- министр Сабах ал –Ахмед ас - Сабахтын парламентте өлкөнүн эмири катары ант бериши менен Кувейтте эки аптага созулган бийлик кризиси аяктады. Себеби Кувейттин мурдагы эмири шейх Жабер ал- Сабах 15- январда көз жумган эле. Бирок анын ордун баскан мураскер шейх Саад катуу оорулуу болчу. Андыктан өкмөт эмирликке премьер министр ас- Сабахты дайындоо чечимине келип, парламент муну колдоду. Мураскер ханзаада да тактыдан баш тартты.
XS
SM
MD
LG