Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

«КЫРГЫЗ ТУУСУ» ӨКМӨТ КЫСЫМЫНА БАШ ИЙБЕЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бишкекте бүгүн «Кыргыз туусу» гезитинин эмгек жамааты жана аларга тилектеш окурмандар Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар баш редактор кызматынан Бакыт Орунбековду бошотуу тууралуу премьер-министрдин чечимин мыйзамсыз деп эсептешип, аны кайтарып алууну талап кылышты. Бул гезитте иштеген журналисттердин айтымында премьер-министр анын дарегине айтылган сын-пикирлер үчүн жазалоо максатында Б. Орунбековду кызматынан алып койгон.

Март революциясынан кийин «Кыргыз туусуна» баш редактор болуп Президент тарабынан дайындалган Бакыт Орунбеков өткөн жумада премьер-министрдин чечими менен кызматтан бошогон болчу. Бул чечимге нааразы болуп гезиттин эмгек жамааты жана ага тилектеш окурмандар Бакыт Орунбековду коргоо комитетин түзүшүп, өкмөт чечимин кайра чакыртып алуу үчүн нааразылык акцияларын уюштуруп күрөшүп башташкан.

Акүйдүн алдына пикетке чыккан гезиттин жамааты колдоруна “Кыргыз туусу” элдик гезит”, “Бакыт Орунбековго саясий куугунтук токтотулсун”, “Кыргыз туусунун” эмгек жамаатынын талабы аткарылсын” деген ураандарды кармап турушту. Пикетке гезиттин 50гө чукул окурманы да катышты. Ошондой эле башка гезиттерден да колдоо иретинде журналисттер келишти. “Трибуна” гезитинин редактору Ырысбек Өмүрзаков Бакыт Орунбековдун келиши менен бул өкмөттүк гезит элге жагымдуу боло баштаган дейт:
- Накта реформа Орунбековдун келиши менен ушул гезитте башталган. Ар кыл өңүттөгү бардык тараптын позициясын чагылдырган макалалар бериле баштаган. Мен мурда деги эле бул гезиттин бетин аччу эмесмин, эми болсо окуй баштагам. Бирөөгө жөнү жок асылган жок, чымчыган жок, болгону элдин пикирин чагылдырган каттарды жарыялаган. Революциядан кийин өкмөттүк гезиттерди акционерлештирүү тууралуу жарлык чыкканда сүйүндүк эле. Мен түшүнбөй турам же азыркы бийлик мурдагы бийликтин кейпин кийели деп калган го,- дейт Рысбек Өмүрзаков.

28- январда түзүлгөн “Бакыт Орунбековду коргоо комитетинин” төрагасы Токтомуш Өскөновдун айтымында, революциялык бийлик өкмөттүк гезиттерди реформалоону баштагандан көрө тескери иштерге барууда:
- Өкмөттү сындап койдуңар деп кысым көрсөтүлүп атат. Ким редактор болот, кандай болот биз аны билбейбиз. Реформалоо тууралуу указ чыккан, бирок ага жетпей эле өкмөт силердин тагдырын биз гана чечебиз деп турушат. Ушуну карап туруп андай реформа тууралуу үмүт өчө баштады,- дейт Токтомуш Өскөнов.

Гезиттин кабарчысы Папан Дүйшөнбаев гезиттин жамаатынын пикирин сурап коюшса болмок дейт:
- Президенттик администрация менен “Мээрим” фондусунун органы болуп келдиңер, эми эркин болосуңар дегенде чындап сүйүнгөнбүз. Кийлигишүү болбойт экен деп ишенгенбиз. Бакыт буга чейин жалаң эркин гезиттерде иштеген. Биз Бакыттын калышын эмне үчүн каалайбыз. Бул жигиттин демокартиялык принциптерге ынтаасы бар жигит. “Кыргыз туусу” кадимкидей элге алынып, элдик гезитке айланып бараткан. Эми башка бирөө келсе анда мурдагы кейпин кайра кийет деген коркунуч бар,- дейт Папан Дүйшөнбаев.

Өкмөттүн маалымат кызматынын коомдук байланыш бөлүмүн жетектеген Жедигер Саалаев өкмөттүк гезитте өкмөт башчыны сындаган макалалардын чыгышыны каршы:
- Баары түндүгүн карайт. Жада калса менчик гезиттер деле кожоюнун сындабайт. Ал эми бул гезиттин өкмөт башчынын жамандаган тенденциялуу макалалар жарык көрүп келген. Ушак деңгээлге түшпөй, өкмөттүн саясатын жүргүзгөн гезит болуш керек да.

Жедигер Саалаев 27- январда чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык “Кыргыз туусу” гезитинин редактору болуп дайындалган. Ал бул гезиттин деңгээлин түшүрбөй иштеп кете алам деп билдирди:
- Укуктук мамлекет курабыз десек анда өкмөттүн токтому аткарылышы керек. Эгер ошондой болсо мен бардык күчүм менен иштейм. Бул гезитте мен 5 жыл иштеп кеткем, бир тууган жамаатым дегендей. Гезиттин деңгээлин түшүрбөй иштеп кете алам, -дейт Жедигер Саалаев.

Пикетчилерге өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Урмат Кармышев чыгып сүйлөдү. Бирок азырынча эки тарап бир пикирге келе алган жок. Журналист Папан Дүйшөбаевдин айтымында, өкмөт жаңы редакторду күч менен отургузуу аракети жасаган күндө да эмгек жамаат өз талабынан кайтпайт. Ал эми Бакыт Орунбеков болсо эмгек жамааттын оюнан чыга албайм дейт.
XS
SM
MD
LG