Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

БИЙЛИК АЛМАШТЫРУУ КЕЗЕГИ МУФТИЯТКА ЖЕТТИБИ?


Кожогелди Култегин, Бишкек. Муфтийдин алмашуусу туурасындагы сөздөр Ош облусунун казысы менен Жалалабат облусунун казысы алмаштырылган өткөн жумадан баштап да кайра көбүрүп-жабырууда.

Элдик ыңкылаптын жеңишинен баштап Кыргызстан мусулмандарынын муфтийин алмаштыруу туурасында сөздөр арбып келет. Бул талап ажылыкты уюштуруу иштериндеги башаламандыктар күчөгөн кезде өз апогейине жетип, муфтий Мураталы-ажы Жуманов үч айлык отпускеге кетүүгө аргасыз болгон.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов өткөндө үч айлык отпускеге кетүүсүнө кырдаал айрыкча түрткү болгондугун азыр да танбайт:

-Бирден-бир себеп, муфтий баштап ажылык учурунда акча жыйнайт деген сыяктуу ушак-айыңдар гезиттерге жарыяланып, теле-радиолордон берилип киргендиктен ошо ажылык иштер башталганда отпускеге кетип калууну туура көрдүм.

Муфтий ошол үч айлык отпускеге кеткенинде коомчулукта «эми ал иш ордуна кайрылып келбейт» деген сөздөр кыйла айтылган. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу муфтиятта каржылык мыйзам бузуулар орун алып келди деген оюн мындайча билдирген:

-Бул жерде махинациялар болуп, биз аны Акыйкатчы катары текшергенде көп нерселер ырасталды. Мисалы, мен Саударабстандын консулу менен сүйлөшсөм Саударабстанга виза бекер ачылат экен. Ал эми Кыргызстанда тиешелүү кишилер канча жылдардан бери ар бир ажыдан 20-50 доллардан жыйнап келишет. Ошондо бир жылда 4,5 миң кишиден жыйнаган акчанын эсебин чыгара бериңиз…

Кыска эс алуудан кийин ордуна кайра келип отурган Мураталы-ажы Жумановдун айтымында муфтий кызматтан уламалар кеңешинин 30 мүчөсүнүн үчтөн бири каршы добуш бергенде гана кетет.

Уламалар кеңеши жылына эки ирет жыйын өткөрүп туруусу керек. Бирок, эки жылдан бери Уламалар кеңеши бир да жолу чогула элек. Уламалар кеңешинин мүчөсү Мамасабыр-ажы Досболов муну муфтий өз кызыкчылыгы үчүн өткөрбөй жатат деп эсептейт:

-Жылына эки ирет жыйын өткөрүүсү, муфтий анда отчёт берип туруусу кажет болсо да, ушу мезгилге чейин уламалар кеңеши бир да жолу чогулган эмес. Анткени, кеңештин төрагасы – муфтий өзү. Межилис өтсө эле муфтийдин маселеси каралып калаарын билет ал. Эми уламалар кеңешинин межилисин башка жол менен да уюштурууга мезгил жетти. Муфтий же муфтият чогултпаса, уставга ылайык, уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн бири демилгелүү топ түзүп, уюштурсак болот. Муфтийге ишеним берүү же бербөө мсаселесин коюшубуз керек.

Муфтийди алмаштыруу жөнүндө маселе боюнча диний коомчулуктун ичинде бир пикир жок. Бир катар казылар ажылык башаламандыктарды тергеп-тескеген атайын комиссиянын 25-февралда жарыя кылынчу жыйынтык-маалыматтарынан кийин гана азыркы муфтийди алмаштыруу маселесин караган оң деп эсептешет.

-Ага чейин бул маселени көтөрүүнүн зарылдыгы жок,- дейт Баткен облусунун казысы Рахматулла Эгембердиев
XS
SM
MD
LG