Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

КУМТӨР АЛТЫНЫН КЫРГЫЗДАР КАНТИП АЛДАТТЫ? МАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНДА ЧЫР ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?


31- январдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү кадр саясат, Жалалабат жана Талас облустарынын губернаторлорунун орун алмашуусу, “Кыргыз туусу” гезити менен Кыргыз телерадио компаниясынын жамааттарынын нааразычылыктары тууралуу макалаларды жарыялашты.

31- январдагы “Агым” гезитинде кабарчысы Асран Айдаралиев Анжиян трагедиясынан соң 300гө чукул өзбекстандык атуулдар "качкын" статусуна ээ болушуп, "Манас" аэропортунан Румынияга, Канадага жөнөтүлгөнүн эскерип, Ошто камакта олтурган төртөөнүн тагдыры тууралуу кеп кылат.

“Бириккен Улуттар Уюмунун адистеринин изилдөөсүнө таянсак, ал төртөөнүн кылмыш жасагандары далилденген эмес. Баңгизатка байланышкан шеги бар Я.Ташбаевдин маселесин талаштуу, тактоого муктаж деп эсептесек, калган үчөө: А.Рахимов, Ж.Максудов, Р.Пирматов жалган жалаага кабылгандары айдан ачык.
"Качкындар" жөнүндөгү мыйзам турмушка ашсын десек, дүйнөлүк коомчулук алдында уятка калгыбыз келбесе, Ошто жалдырап жатышкан үч өзбек тууганды Каримовдун кандуу колуна эмес, БУУга өткөрүп берели” деп жазат автор.

Ушул “Агымдын” кабарчысы Семетей Талас уулу "Кумтөрдөн" Кыргызстанга "кумга" толгон төрлөр гана калабы?” деп суроо коюп, жооп издейт.
“Албетте, дүйнөдөгү эң ири 10 алтын кенинин бири болгон "Кумтөр" канадалыктар менен биздеги Акаевдик бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн иштебегенде натыйжа башкача болмок. Өкмөт 2003-жылы "Кыргызалтын" АКсы "Кумтөр голд компанидеги" акцияларын "Центерранын" 33% акциясына алмаштырсын деген чыккынчы токтомун чыгарат. Анын жыйынтыгында биз "Центерранын" Америка менен Монголиядагы кагаз жүзүндөгү кендеринин "жел кириш" акцияларына өзүбүздүн "Кумтөр голд компанидеги" 67% акциябызды алмаштырып, алардын 33% акциясына алмаштырып отуруп калабыз. Алардын 33% акциясынын куну канча дебейсизби, болгону 115 млн.доллар. Элестетсеңиз, 371 млн.долларыбызды эле 115 млн.долларга алмаштырып жатабыз. Бул эми аңкоо жана жалкоо кыргызды каратып туруп көзкөрүнөө алдоо да”.

“...Бүгүнкү бийлик баш көтөргөндөрдү зекигендин ордуна, "Кумтөрдүн" ыкый-чыкыйынын курамында эларалык, көзкарандысыз эксперттерден турган комиссияга текшертпейби. Көзү сокур, кулагы керең адамга деле "Кумтөр" тараптан сасыган "цианиддин, аферанын" жыты келгени байкалып жатпайбы»,- деп жазат Талас уулу Семетей.

“Агым” гезитинин кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков Кыргыз өкмөтү дале ипотекалык кредит саясатын түшүнбөй, банктар өз кызыкчылыктарын жогору коюп жатканын талдоого алат.

«Ипотекалык кредиттерди, мисалы, Орусияда, Казакстанда 10-15 жылга 7-10 процент менен берип жатышат. Европада андан да жеңил, машине, туракжай, кымбат техникаларды сатып алуу үчүн 15-20 жылга 5-7 процент менен алышат. Мындай шартты биздикине салыштырмалуу "бейиш жашоосу" деп сиз да үшкүрөрүңүз бышык. Мамстаткомдун эсебинде, туракжайын оңдогусу келгендердин саны 170 миң үйбүлө экен. Акаевдин маалында жеке менчик үйлөр гана салынбаса, ал замандын Акүйүнүн жакындары, депутаттары, кошоматчылары гана саналуу бекер квартираларды албаса, каратамандар участок алалбай, алса салалбай келди он беш жыл катары» деп жазат автор.

«Агымдын» кабарчысы Жылдыз Мусабекова Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясындагы кадрдык өзгөрүүлордон чыккан чыр- чатактын чоо жайын иликтөөгө алган. Ушул макаласынын мазмуну тууралуу мындай дейт:
-Качан болбосун жай аккан суудай бир калыбынан жазбай, өкмөт оң десе оңго бурулуп, сол десе солго кеткен тилалчаак радиодо бир жумадан бери төңкөрүш. Жаалданган жамаат Адахан Мадумаровду баш кылып, Байма Сутенованы төш кылып, эмнени гана айткан жок. Чыр эмнеден чыкты? - Адахан Кимсанбаевич келип реорганизация деген шылтоо менен вице-президент Жылдыз Муслимованы кызматтан алгандан. Себебин оңдуу да түшүндүрө албады. Сөөктөн өтүп, чучукка жеткен сөздөргө кулак кагыш да болбогонуна кызматкерлер нааразы. Радиодо 30 жыл иштеп, кан-жанын берген адамдар Байма Жапаровна менен иштеше албайбыз деп ишеним көрсөтпөй атышат. Алардын аргументтери менен эсептешпей коюуга эч кимдин акысы жок. "Бир нерсе жөнүндө жапырт айтыла баштаганда, ошо жөнүндө ойлонуу зарыл" деген Конфуций. Бу жерде жеке адамдардын тирешүүсү жок, жалпы элдин талабы. Коллектив президентке, тиешелүү органдарга өтүнүч, сураныч талаптарды коюп атып чарчашты, жыйынтык болбогондуктан, ачкачылык жарыялаганга аргасыз болушту. Мүмкүн ошондо угуп, көрөр деп атышат.»

31-январдагы “Аалам” гезитиндеги кабарчы Майрамбек Кыялбековдун макаласы “Бейөкмөт уюмдар эмнеге текшерүүдөн коркот?” деп аталат.
«Чет өлкөнүн каражатына жашаган бейөкмөт уюмдар биздин улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкка туура иш алпарып жатабы же туура эмес иштерди жүргүзүүдөбү текшериш керек» деп койгондугу үчүн Адилет министри Марат Кайыповду чет өлкөлүк каражаттын эсебинен жашаган бейөкмөт уюмдар чуулдап «талай» башташты. Өз жандарын өздөрү баккан, чет өлкөдөн каражат албагандар дым. Үнсүз. Бириң өлүп бириң кал деген кыязда.
Кызыгы чет өлкөдөн каражат алган бейөкмөт уюмдар мынча эмнеге текшерттиргенден коркот деген суроо туулат. Коркот, демек кыңыр иштери бар. Болбосо «Туура кыласыңар. Текшергиле. Бизде баары ачык. Чет өлкөдөн баланча каражат алдык, аны баланчага жумшадык. Бизде корко турган, жашыра турган эч нерсе жок» дешпейби.

«Демократия үчүн күрөшөлү, ачык коом түзөлү, укукту сактайлы, бүт элге белгилүү болсун» деген Эдил Байсалов, Азиза Абдрасулова, Сасыкбаева өңдүүлөр биринчи бүт «тасмалдарын» ачыкка жаюулары керек болчу. Тескерисинче коркуп текшертпейбиз. Акың жок, укугуң жок дей башташты. Демократия болсо баарыга орток болсун да. Мамлекеттики бүт ортодо, ал эми алардын чет өлкөдөн алган акчасы жашыруун болсо кандай болот. Балким буларың чын эле чет өлкөнүн акчасына элдин, жердин мамлекеттин кызыкчылыгын сатып, тескери иштерди жүргүзгөн болуп жүрбөсүн» деп жазат автор.

«Аалам» гезитинде Адилет Бакбергенов парламентти сынга алган. «Парламенттин акыркы жыйынындагы үч күндүк «Трагикомедия шоуну» көргөндөр эч нерсе түшүнбөй дел болушуп, этегинде бул биздин парламент, эл, мамлекет күткөн мыйзамдарды чыгарып, өлкөбүздүн экономикасына салым кошолу деп келишкенби, же эки күндүн биринде өкмөттү толук чакырып алып, артисттенип оюн коюп, же өкмөттүн иштешине мүмкүнчүлүк бербей же өздөрү жыргатып иштебей убакыт өткөрүш үчүн келишкенби дешип жерге түкүрө башташты» деп парламенттеги каралган маселени оюн- зоокко салыштырат.

«Трагикомедия оюнуна жакшы эле даярдык көрүлсө керек бирок максаттарына жетпеди. Кейпи режиссеру каргандык кылды» деп жазат автор.

31-январдагы “Кыргыз туусу” гезити башкы редактору Бакыт Орунбековду кызматтан алуу тууралуу өкмөттүн буйругуна редакция жамааты нааразычылык билдирип,өз ойлорун гезит аркылуу да жарыялады.

31- январдагы “Эркинтоо” гезитинде баяндамачы Азизбек Чамашев президент Курманбек Бакиевдин облустардын жетекчилерин орун алмаштыруу саясатын колдоорун билдирип, башка аймактардын губернаторлорун дагы ротациялоону сунуштайт.

30- январдагы “Вечерний Бишкек” гезити өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хандын отставкага кетүү тууралуу арыз бергени, улуттук олимпиада комитетинин жаңы уставы кабыл алынып, 45 мүчөсү шайланып, эсеп палатасынын төрагасы Мурат Саралиновдун бул уюмдун убактылуу жетекчиси болушу тууралуу маалымдайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG