Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

КЫРГЫЗСТАНДЫ РОССИЯЛЫК ТУРИСТТЕР БАЙЫТАТ


Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министрлиги Орусиядан туристтерди алып келүү боюнча россиялык турфирмалар менен келишимдер түздү.

Совет доорунда Ысыккөлдө эс алуучулардын 30-40 пайызын орусиялык туристтер түзгөнү менен эгемендүүлүк алганы алардын саны азая түшкөн. Ошентсе да орусиялык туристтер кыргыз жергесинин кооз жаратылышына, аңчылык, альпинизм, экологиялык туризмине жана Ысыккөлдө эс алууга кызыгдар. Биргелешкен кызматташуу үзүрүн берерине Орусиянын турфирмалар бирикмесинин жетекчиси Татьяна Павлова ишенет:

-Орусиялык туристтер жайкысын Ысыккөлдө эс алууну кааласа, башка учурда аңчылык кылууга, ак мөңгүлүү толорго чыгууга, рафтинг мелдештерине катышууга кызыгат. Улуу жибек жолу менен саякат жасоону самашат. Ошондуктан, туристтерди тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатуу зарыл. Экинчиден Кыргызстандык туристтерди биз Москва, Орусия “Алтын шакек” аймагы боюнча саякатка алып чыгуу мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн аба жол каттамдарын дагы жакшыртуу керек. Ысыккөлгө инвестиция алып келүүгө дилгир орусиялык ишкерлер да бар.

Өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев Кыргызстандын кооз жаратылышы туризмдин өсүп- өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн, ал үчүн туристтерди тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу, коопсуздукту жана маркетинг кызматын колго алуу зарылдыгын белгиледи.

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго албай жатабыз. Ал үчүн каражат керек. Анан дагы туризм кадрларынын билим деңгээли учур талабына жооп бербейт. Орусиялык туристтерге өзгөчөлөнгөн улуттук этнографиялык, ат, боз үй, аңчылык, рафтинг жана башка туристтик кызматтарды сунуш кылып жатабыз,- деди Турусбек Мамашев.


Март айында Москвада «Интурмаркет» эл аралык жармаңкеси болмокчу. Мында Кыргызстандын турфирмалары өз көргөзмөлөрүн ачып, келишимдерди түзүп келмекчи. Ошондой эле апрелде Орусияда «Турсиб» аттуу эл аралык туризм жармаңкеси өткөрүлүп, буга да кыргызстандыктар чакырылды. Ал эми 17- майда Бишкекте биринчи эл аралык туристтик жармаңке өткөрүлүп, Орусиянын бир нече шаарларынан туроператорлор келишмекчи. Чынында былтыр Ысыккөлдө эс алуучулардын саны кескин азайган. Былтыр чет өлкөлөрдөн 650 миң турист Кыргызстанга келген. Быйыл жайында Соңкөлдө эл аралык фольклордук фестиваль өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG