Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

МАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНДАГЫ ЧЫР-ЧАТАК- СИСТЕМАЛЫК КРИЗИСТИН НАТЫЙЖАСЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Кыргыз мамлекеттик радиосунун жетекчиси Жылдыз Муслимованын жана “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбековдун кызматтан бошотулушун редакциядагы журналисттер массалык маалымат каражаттарына бийликтин кысымы катарында баалашууда. Ал эми бийлик өкүлдөрү бул маселе мыйзамдын чегинде чечилгенин белгилешүүдө.

31-январда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Мамлекеттик телерадио компаниясынын радио жамааты менен «Кыргыз туусу гезитинин» журналисттери нааразылык билдирип чыгышты. Радио жамааты аталган кызматка Байма Сутенованын дайындалышына нааразы болушса, «Кыргыз туусу» гезитинин жамааты гезиттин баш редактору Бакыт Орунбековдун премьер-министрдин буйругу менен кызматтан алынышына каршы болушууда. Алардын айтымында радиого жана гезит журналисттерине жаңы бийлик тымызын кысым көрсөтүп жатат.

-Мартта революция болгондон кийин, он айдан бери оюбузду эркин билдирип, коомдогу окуяларды ачык чагылыдра баштадык эле. Эми ушинтип өкмөт тарбынан эркиндигибизге басым көрсөтүп атса эмне кылаарыбызды билбей калдык,- деди «Кыргыз туусу» гезитинин кабарчысы Чолпон Субакожоева.

Ал эми журналист Бурмакан Сатыбалдиеванын пикиринде: - Бул жерде кандайдыр бир саясаттын тиешеси бар. Болбосо, “Кыргыз туусу” гезити окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып, маани-ма-ызы да абдан өсүп калган болуучу. Балким гезит кимдир бирөөгө керектир? Билбейм.

Ал эми кыргыз радиосунун жамааты март ыңкылабынан кийин Жылдыз Муслимованын жетекчи болуп келиши менен радиодо көз караштарды эркин, калыс, ар тараптуу чагылдырган берүүлөргө, коомдогу терс көрүнүштөрдү ачык айткан сын макалаларга кенен орун берилип, окуяларды ыкчам чагылдырып радио кызматында бир кыйла өсүш болгонун билдиришти. Радио журналисттердин айтымында, жетекчиликтин алмаштырылышы менен кыргыз радиосунда сөз эркиндигине, ачык ой-пикирлерди билдирүүгө чек коюлушу мүмкүн.

Мамлекеттик маалымат каражаттарында жетекчилерди алмаштыруу саясатын айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен көз карандысыз журналисттер аткаруу бийлиги тарабынан сөз эркиндигине кысым көрсөтүү ыкмасы катарында баалашууда.

Президенттик администрация өкүлдөрү өз кезегинде бул сын пикирлердин негизи жок экенин белгилешүүдө.

- Баардыгыбыз мыйзамдын чегинде жашоого үйрөнүшүбүз керек. Биздин кадамдарыбыз, бардык кыймыл аракетибиз мыйзам талаасында болушу керек. КТРдин жетекчилигине каршы адамдар аталган мекеменин жетекчилиги мыйзам бузууларга барып жатат деп факты менен чыкса бир жөн. Ал эми эмоция менен айтылган сөздөрү, жүйөлөрү негиздүү болушу керек,-деди Президенттин басма сөз катчысы Надыр Момунов.

Айрым маалымат кызматтарынын жетекчилеринин алмаштырылышынын артында «билинбеген бийлик оюндары бар», дейт парламенттин депутаты Мелис Эшимканов: - Кыргыз радиосу, телевидениеси чоң курал. Азыркы бийлик коомдук монипуляцияны мурдагы Осмонакун Ибраимов жасагандай, же экс-президент Акаевдин жанындагы идеологдор жасагандай кылса болот экен деп ойлошууда. Жакында референдум келатат. Жакында саясий чоң чабыштар келатат. Ошондуктан бизге аскерлердей какайып, айтканды аткарып турган адамдар керек деген максатта Байма Сутеновага окшогон адистерди коюп атышат,--деди депутат Мелис Эшимканов.

Депутат Каныбек Иманалиевдин пикиринде коомдогу бул көрүнүштөр системалык кризистин кесепетинен келип чыгууда: -Системалык кризис деген ушул. Жеке эле массалык маалымат каражаттарында эмес, Жалалабадда, Таласта, Каракечеде, Жогорку соттун айланасында эмне болуп атат. Мына ушунун баары системалык кризистин кесепети. Ал эми эркин басма сөз эч качан бийлик менен насиптеш болуп жашай албайт. Эркин басма сөздүн милдети ошол бийликтеги, коомдогу кемчиликтерди элге ачык айтып туруу болуп эсептелет. Ошондуктан системалык кризистен чыгуу үчүн системалык өзгөртүүгө барыш керек. Ал эми системалык кризистен чыгуу үчүн жаңы Конституция кабыл алыш керек.

Каныбек Иманалиев белгилегендей, эгерде коомду системалык, саясий кризистен арылтпаса, ар кандай нааразылык акциялар улана бериши мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG