Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

РОЗА ОТУНБАЕВА: “БИЗ ЛИДЕР ДЕП ТАНДАГАН БАКИЕВ БЕРГЕН УБАДАЛАРЫНЫН БИРИН ДАГЫ АТКАРГАН ЖОК"


Жакында «Асаба» партиясына теңтөрайым болуп шайланган Роза Отунбаева алдыдагы иш-максаттары, ой-тилектери тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Сиз “Асабаны” жетектей турган болдуңуз. “Асаба” улуттук демократиялык баалуулуктарды жактаган партия катарында бардыгыбызга жакшы маалым. Ал өткөн жылкы ыңкылапта анын максаттарын коргоп алдыда турган эле, бирок айрымдар бул партияны ашкере улутчул деп эсептешет. Эмне үчүн сиз дал ушул партияны тандадыңыз, партиянын лидери Азимбек Бекназаров болгондугу үчүнбү же өзүңүз ашкере улутчул болуп кеттиңизби?

- "Асаба" партиясын Кыргызстанда улутчул деп эсептегендердин мааниси бар. Биз жеке бир аралча эмес, көп өлкөлөрдүн арасындабыз. Өзүбүз билгендей дүйнө жүзүндө сейрек өлкөлөр, улуттар табылат. Биздин кыргыз улутунун ичинде бир топ жылдан бери аныкталып келаткан “киргиздер” бар. Өзүбүздүн эле балдарыбыз, туугандарыбыз, шаарда жашагандардын көбү кыргызча сүйлөбөй, кыргыздын тарыхын, маданиятын билбегендер толуп атат. Улут ичинде кыргыз менен “киргиздин” ортосунда көп сын айтылып келатат. Бирок эч бири-биринин ортосуна жол салганга аракет болбой атат. Бири-бирин какшыктап, кекетип эле келатабыз. Колунда акчасы барлар орус тили аз келгенсип, англис, кытай тилин өздөштүрүп иштеп келатышат. Жалпы кыргыздар кыштактарда, тоолуу жерлерде жашап, канчасы Кыргызстандан көчүп кетип Орусияда, Казакстанда иштеп жүрөт. Ошентип мына элдин баары кандай бир чоң өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп атат. Биздин “киргиздерди” аң сезимине, намысына келтирүү керек. Биз улут болуп жүргөнүбүз, биздин тилибиз, дилибиз, рухубуз бар дегендей. Бул саясий, экономика, маданият жагынан абдан чоң проблема.

- Роза айым, демек сиз бул партиянын идеологиясын жактырып тандаган турбайсызбы?

- Кеп жактырган, жктырбаганда эмес, бул идеология менин жүрөгүмдө. Анткени биз өзүбүз улут катары абдан чоң коркунучтабыз. Кайда кетип баратабыз, эмне болот, биздин келечегибиз кандай? Бул маселе биздин жүрөгүбүздө болуш керек. Биз болсо тил маселеси боюнча эле, «Асаба” партиясы улутчул, эч кимди жактырбайт деген суроолор туулат. Мен башка улуттардын арасында мындай улутту таппайт элем. Биздин тилибиз ушул күнгө чейин эле мамлекеттик тил боло албай жатпайбы. Жакында Кыргызстандын телесинен бир программаны көрсөттү, ал жерде Бишкек шаарында өрт болуп атса, же болбосо бирөө өлүп баратса 102, 101 боюнча телефон чалсаңыз эч ким келбейт экен, алардын баары анткени кыргызча түшүнбөйт экен. Алар түшүнгөн тилде сүйлөсөң ошондо гана келет экен.

- Былтыр дал ушул мезгилде сиз Акаевге катуу оппозицияда туруп, ага каршы элдерди көчөгө чыгардыңыз эле. Акаевдин бийлиги кулады, сиз менен бирге ыңкылапты жасагандар бийликке келишти. Эми сиз буларга да каршы оппозицияда болойун деп атасызбы?

- Өзүңүздөр көргөндөй жакында Азимбек Бекназаров президентке өзүнүн ачык катын жарыялады. Ал каттын ичинде так биздин өткөн тарыхыбызды жазды. Бири-бирибизге кандай убада, кандай анттарды бергенбиз, кандай иштеше баштаганбыз. Ошол убакта лидер кылып чыгарган Бакиев бизге берген убадалардын бирөөсүн дагы аткарбады. Ошолорго жооп болбой атат. Бүгүнкү Кыргызстанда болуп аткан системдик кризис жеке азыркы бийликтин көп катачылыгы болуп атат. Ошондуктан, биз өзүң айткандай биздин белибизге, далыбызга туруп келген бийликти азыр өзүбүз сурап, өзүбүз такалап, эмне себептен аткарылбай атат, портфельсиз калган үчүн эмес, биз эмне себептен бийликти алмаштырдык эле, эски бийликти кетирдик эле деп сурап атканыбыз.

- Демек сиз оппозициядасыз?

- 24-мартта биз далилдейбиз. Ага чейин биз убакыт берип атабыз. Дагы бир жолу айтып атабыз, суроолорубузга жооп бергиле деп. Биз ойлойбуз Кыргызстандагы канчалаган эл ушунун баарын көзөмөлдөп турат деп.

Маектешкен Төрөкул Дооров.

XS
SM
MD
LG