Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Конгантиевдин депутаттык ыйгарым-укугу токтотулду


Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн Башкы прокурору Камбаралы Конгантиевдин депутаттык ыйгарым-укугун токтотту. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынан 31-январда кабарлашты. Камбаралы Конгантиев 10-ноябрда президенттин жардыгы менен Башкы прокурорлук кызматка дайындалган. Ал Майлуусуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле.

Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 1-февралда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, ал эми күндүз айрым аймактарда кар жаайт. Түштүк-батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -4...+1 градус.
Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7 градус.
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Күндүз ала булут каптап турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз 0...-2 градус болот.

Айданбек Акмат уулу, Чолпон Орозобекова

Редактору Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG