Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Кыргыз зияратчыларына түркмөн өкмөтү жол ачты


БИШКЕК. Иранда кармалып турган 3200 кыргызстандык зияратчыга өз аймагы аркылуу өтүп кетүүгө түркмөн өкмөтү уруксат бермек болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 31- январда билдирди. Буга чейин Түркмөнстан 500 гана кишиге уруксат берип жаткан. Куш тумоосуна байланыштуу Орусия Түркия менен чек араны жаап койгондуктан Мекеден келаткан кыргызстандык зыяратчылар Иранда кармалып турат. Ирандагы Кыргызстан элчилиги билдиргенге караганда, аларга тамак- аш жана дары- дармек жактан жардам берилүүдө. Ирандагы элчиликтин кызматкери Акылбек Кылычев билдиргенге караганда, Меккеге ажыга баргандардын арасында эки адам каза таап, экөөнүн тең сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Анын маалыматына караганда, учурда Мешхед жана Тегеран шаарындагы зияратчылардын паспортторун даярдап, автоунааларга отургузуу иштери башталганы турат.

XS
SM
MD
LG