Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Мамлекеттик маалымат каражаттарындагы чырды депутаттар териштирди

31-январда Жогорку Кеңештин Коопсуздук, маалымат саясаты боюнча комитетинде КТР жана «Кыргыз туусу» гезитинин айланасында түзүлгөн кырдаал талкууланып, ага вице-премьер-министр Адахан Мадумаров катышты. Жыйында КТРдин вице-президенттигине каршылашкан тараптарды канааттандырчу адисти табуу сунушталды. Ал эми «Кыргыз туусу» боюнча өкмөттүн чечими туура деп табылды. 31-январда эки маалымат каражатынын кызматкерлери нааразылык акциясына чыгашкан эле. КТРдин жыйырмадан ашуун кызматкери Жылдыз Муслимованын вице-презденттик кызматта калтыруу, ал эми «Кыргыз туусунун» эмгек жамааты Бакыт Орунбековду башкы редакторлук кызматта калтыруу талабын коюуда.
XS
SM
MD
LG