Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

ХАМАС коалициялык өкмөттү курууга баардык саясий топторду чакырды

Палестина автономиясында парламенттик шайлоодо жеңген ХАМАС тобунун лидери Усама Хамдан “Бир катар фракциялар ХАМАС менен бирге коалициялык өкмөттү түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти” деди.
Хамдандын айтымында “ХАМАС кызматташууга баардык партияларды, ФАТХты да, чакырган”. Бирок буга чейинки башкаруучу партия ФАТХ мындан баш тарткан. Анткен менен ХАМАСтын лидеринин ишениминде, коррупцияга баткан буга чейинки палестин өкмөтүнөн айырмаланып, ХАМАС кандай иштеп жатканын көргөндөн кийин, эларалык коомчулук Палестинага жардамын кыскартпайт.
XS
SM
MD
LG