Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

ЖАЛАЛАБАТ: ЖУРНАЛИСТТЕР БАШ РЕДАКТОРУНАН БАШ ТАРТЫШТЫ


Облустук «Акыйкат» гезитинин жамааты 30-январда түштөн кийин иш таштады. Алар басылманын жетекчиси Жалалабатта болбогондугуна байланыштуу нааразылык билдирип, редактор Самаган Орозалиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Алардын редактору жамаатына ооруп жатканын айтып коюп, өзү башка гезитке өтө качып кеткен болуп чыкты.

Облустук гезиттин кезектеги саны үзгүлтүккө учурады. Басылманын мөөрү менен белгисинин жоктугунан басмакана менен келишим түзүү башка иш-чараларды уюштуруу иши аксаган.
Кызматкерлер гезиттин редактору Самаган Орозалиев менен кызматтык автоунаанын жыл башынан бери облуста болбогондугуна нааразы. Анын кызматтан кетүүсүн талап кылышып, облустук бийликке кайрылышкан. Жооптуу катчы Сайра Бекташеваны редактордун «ооруканада жатам» деп коюп, жамаатка билдирбей, “Аалам” гезитине башкы редакторлукка дайындалганы таң калтырган:

- Биздин редактор “Акыйкат” гезитинде иштеп туруп эле, бизге ооруп ооруканада жатам деп кеткен. Эки жумадан кийин биз "Аалам" гезитинен окудук баш редактор болду деп. Биз бул жерден чыксак, ал айткан мен жакшы иш баштай элекмин, ооруп атам деп. Гезиттин мөөрүн, штампын алып кеткен, машина да талкаланып бир жерде калган экен, биз билбейбиз аны эмне үчүн алып кеткенин. Чакырабыз, бир айдан бери келбейт, акыры бүгүн эртең менен келиптир.

Талабы аткарылбаган кызматкерлер 30-январда иш таштоону баштаган.

Кызматкер Нуржан Токтоназарова иш таштоо гезиттин редактору кызматтан кеткиче улантыла берерин билдирди:

-Акыйкат гезитинин редактору Самаган Орозалиевдин редакторлук кызматта иштешин жамаат каалабайт. Бир жумадан өттү, кийинки жумада гезит чыгыш керек эле, бирок чыкпайт.

Самаган Орозалиев «Аалам» гезитине жетекчи болууга макулдук берген эмес. Басылманын автоунаасы ремонтто турганын маалымдаган редактор нааразылыкты 2 адам уюштуруп, 5 киши иш таштаганын, ич ара жаңжалга азыркы бийликке каршы турган жана гезитти менчиктиштиргиси келген адамдар түрткү болгонун айтты:

- Башка күчтөр президенттин бир туугандары боюнча заказ материалдарды алып келишти, жаңы жылдан баштап сериал кылып баса баштайсың деп. Мен каршы болдум. Ооруканада дарыланып жатканыма карабай, сени кызматтан алабыз деп атышат. "Аалам" гезитинин учредители атайын кат жолдоп, "Аалам" гезитине келип кызмат өтөөңүздү сурайбыз деп жалпы эмгек жамааты сурангандыктан, мен макулдугумду бере элек болчумун, буйрук да чыга элек. Мен аябай ыраазымын. Сен чыгарбай туруп бул облуска, анын ата-журтуна жаман аттуу кыла турган пиарларды жасашыбыз керек, анткени эртең март окуясы кайра кайталанат, биз ошол жерден утуп чыгабыз деп айткандан, мен каршы чыктым. Облустун деңгээлиндеги журналисттерге айтса көп нерселерге ишене беришет. Ал эми кызматкерлерге мен түшүнөм, мен Жусупжан Жээнбеков менен пикир келишпей калдык. Анткени гезитти менчиктештиргенге мен эч качан жол бербейм дедим. Акциялаштарса журналисттер мыйзам чегинде акциялаштырсын - деген Самаган Орозалиев редакцияда жакшы маанай түзүлгөндөн кийин кызматтан кетерин билдирди.

Кабарчы Узак Маматкулов редактордун убадасына ишенет:

- Азыр дагы жыйын болуп, Самаган Мырзабекович көп нерселерди айтып атат. Жамаатка болушунча шартты түзүп берем деген сөздөр бар. Ошол туура болсо бизде эч кандай каршылык жок, иш таштоо да болбойт. Мындан ары дагы иштешебиз деген ойдобуз. Ал кишиге болгон таарыныч бүгүнкү күндө өтө курчуп кеткен. Бирок сүйлөгөн сөздөрүнө караганда биздин ойлорубуз жалганга чыгып калып атат.

31-январда өткөн узака созулган жыйындан кийин облустук гезиттин журналисттери кайрадан жумушка чыгышты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG