Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Жалалабад облусуна жаңы дайындалган губернатор Искендер Айдаралиев келди


ЖАЛАЛАБАТ. 1-февралда Президенттик администрация башчысынын биринчи орунбасары Азим Исабеков облустук бийликтин кеңешмесине чогулган жетекчилер менен бийлик жана коомдук уюмдун өкүлдөрүн губернатор Искендер Айдаралиевдин өмүр жана эмгек жолу менен тааныштырды. Облустун башчысы өз сөзүндө жергиликтүү калктын колдоосу менен натыйжа чыгарына ишенерин айтты. Ардагер Зулумбек Жамашев губернаторлорду орун которуштуруу саясатын кубаттап, жаңы жетекчиден улуттар аралык жана кошуна өлкө менен мамилеге, чегара, диний экстремизм , мектеп, оорукана, токой байлыктарын сактоо көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурууну өтүндү. Искендер Айдаралиев 1957-жылы Чаткал районундагы Жаңыбазар айылында туулган. 1999-жылдан баштап ушул жылга чейин Талас облусун башкарып келген. Президенттин 14-январдагы жарлыгы менен облустун губернаторлугуна дайындалганда мурдагы жетекчи Жусупжан Жээнбеков кызматсыз калгандыктан ыңкылапчылар нааразы болуп акцияларды өткөрүшкөн. Өлкө башчысынын кийинки жарлыгы менен Жусупжан Жээнбеков Талас облусуна которулган.


Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 2-февралда Кыргызстандын аймагы боюнча кар жаашы күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...+5 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +2...+7 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...+4 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...+1 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз +3...+5 градус болушу күтүлөт.
Аманбек Жапаров, Азиза Турдуева

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG