ОШ. 1-февраль күнү Оштогу маалымат каражаттарын колдоо борборунда өткөн кезексиз жыйында мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге, өкмөт жетекчиси Феликс Куловго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу кабыл алынды. Кайрылуунун негизги мазмунунда, “биз Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, “Ош жаңырыгы” гезитинин баш редактору Абдувахап Мониевди кызматынан соттун чечими менен алууга жасалган аракеттерди жана республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин баш редактору Бакыт Орунбековду мыйзамсыз кызматтан алып коюу фактыларын айыптайбыз. Мындан сырткары Пирамида, НТС телеканалдарынын айланасындагы укук коргоо органдарынын эскертүүлөрүн сөз эркиндигин муунтууга жасалган аракет катары баалайбыз” деп айтылат. Кайрылуунун аягында маалымат каражаттарынын жана журналисттердин мыйзам тарабынан берилген укуктарын коргоого кепилдик берүүгө мамлекет башчысы, өкмөт жетекчиси жана парламент спикери жоопкерчиликтүү экендиги айтылат.