Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Коргоо министрлигинде тажрыйбалуу офицерлер жетишпейт


БИШКЕК. Өткөн жылы 33 жоокер өз алдынча кызмат өтөгөн аскер бөлүктөрүн таштап кеткен, алардын жетөө кайтып келген. Уставга ылайык келбеген 16 окуя катталган. Мындай фактылар 2004-жылга салыштырмалуу 35 пайызга азайды. Коргоо министрлигинде учурда тажрыйбалуу офицерлер жетишпейт. Бул тууралуу Коргоо министри Исмаил Исаков президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда билдирди. Ал ошондой эле күздөгү аскерге чакыруу иштери уюшкандыкта жүргүзүлүп, аскердик окутуу иштери жылдагыга салыштырмалуу бир ай мурда башталганын белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Коргоо министрлигинин жетекчилигине быйыл аскерий даярдыктарды жана машыгууларды күчөтүүнү, аскер кызматкерлеринин шарттарын жакшыртууну жана оорукта камсыздоону табыштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиршти.

XS
SM
MD
LG