Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

АКШ президенти Буш америкалык элге кайрылуу менен чыкты


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Конгрессте чыгып сүйлөп, Америка элине кайрылуу менен чыкты. Анын айтымында, эл аралык террорчулукка каршы күрөш жана тынчтыкты коргоо аракеттери улантылат: "Террорго каршы биздин күрөш жөн гана аскерий аракеттер менен чектелбейт. Террорчуларды алардын максаттарынан айнытыш үчүн, башка мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылып, эркин жана тынч турмушту көрсөтүш керек. Ошондуктан Америка Кошмо Штаттары кеңири Жакынкы Чыгыш аймагындагы демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт", - деди Буш. Аны менен катар АКШ дүйнөлүк коомчулуктан обочолонбой, америкалыктардын укуктарын коргоп, бүткүл дүйнөдө тынчтык орнотуу аракеттерин улантат. Ирактагы согушта АКШ жеңишке жетет, кошуна Иран болсо динаятчылардын жетелендисинде калды, бирок келечекте Америка менен Ирандын эркин эли ортосунда достук орной турганына Буш ишенет. Андан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн сатып алынган мунайдын көлөмүн АКШ 2025-жылга чейин 75 пайызга кыскартууга тийиш. Ал үчүн жаңы технологияларды өнүктүрүү керек.

XS
SM
MD
LG