Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Ж.Буш: “ХАМАС куралсызданбаса, Израилди тааныбаса, АКШ Палестинага жардам бербейт”


Шаршембиде АКШ президенти Жорж Буш дагы бир жолу Палестина автономиясында жеңишти колго алган ХАМАС тобун “куралсызданууга жана Израилди мамлекет катарында таанууга” чакырды. Бирок ХАМАС Буштун сунушун четке какты.
Согушчул ХАМАС тобу автономияда парламенттик шайлоодо башкаруучу ФАТХ партиясы менен күрөшүп, жеңип алган. Анткени көпчүлүк палестиндер буга чейинки өкмөттү өтө коррупциячыл деп билишет.
ХАМАСтын программасында “жөөт мамлекетин жок кылуу” максаты айтылат.
Жорж Буш “Эгерде ХАМАС куралын таштабай, Израилди тааныбай турган болсо, АКШ Палестинага каржылык колдоо көрсөтпөй турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG