Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

КАПАР МУКЕЕВ: "МЕН ЭЧ КИМГЕ КЕРЕГИ ЖОК БОЛУП КАЛДЫМ"


Аманбек Жапаров,Бишкек Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Капар Мукеевдин үстүнөн атайын прокуратура кылмыш ишин козгогондугуна байланыштуу өкмөт башчысы 31-январда аны ээлеген кызматынан убактылуу бошотту. Мукеев прокуратуранын ага карата жасаган иш аракеттери, өкмөттүн чечими коррупциялашкан айрым чиновниктердин көрсөтмөсү менен болгондугун айтууда. Ал эми Жаза аткаруу башкармалыгы баш ийген Адилет министри бул маселе мыйзам чегинде каралып жатат деген пикирде.

Жаза аткаруу башкрмалыгынын мурдагы жетекчиси Капар Мукеев жаза өтөө жайларынын айланасын тосуу үчүн тикенек зымдарды сатып алууда финансылык тартип бузууларга жол берген деп Башкы прокуратуранын алдындагы атайын прокуратура тарабынан кылмыш иш козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу Капар Мукеев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулган. Анын кызматтан четтетилишине токтом чыгарган атайын прокуратуранын прокурору Кубан Мамакеевдин айтымында, Капар Мукеев жетекчи болуп дайындалгандан кийин аз убакыттын ичинде медициналык дары-дармектерди,тамак-аш, техникалык тетиктерди кымбат баада сатып алууга жол берип, килограммы 55 сомдук тикенек зымды 100 сомдон ашык баада сатып алуу үчүн убактылуу түзүлгөн «Арчер» жоопкерчилиги чектелген бирикме менен келишим түзүп, 2 млн. сомду накталай акча кылуу максатын көздөгөн.

Атайын прокуратуранын кызматкеринин айткандарын Адилет министри Марат Кайыпов да тастыктап, бул маселе мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын билдирди. Адилет министри бул окуянын айланасындагы маселени Капар Мукеев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мындайча сыпаттады:

-Капар Бабаевич Мукеев кечээ эртең менен мага өкмөттүк телефондон чалып, экөөбүз сүйлөшкөнбүз. Мен «премьер-министрдин чыгарган буйругу менен тааныштыңызбы?»-десем, "тааныштым" деди. «Мойнуңузга аласызбы, тергөө иштери бүткөнгө чейин сиз кызматтан четтетилип турушуңуз керек», десем, «ооба мен түшүнөм», деди. Ал мага кечээ күнү кабыл алганга суранган эмес.

Министр Марат Кайыпов бул маселеден кыйкым издеп, саясатташтыруунун кажети жок дейт. "Ар бир жетекчи жасаган ишине жараша өз баасын алат".

Ал эми Капар Мукеевдин айтымында, ал жаңы жыл алдында өкмөт үйүндө өткөн жыйында ГУИН тармагы коррупциялашып кеткенин, бул тармактан күч органдарындагы айрым кызматкерлер «өз чөнтөктөрү» үчүн каражат жасап жатканын айтып катуу сынга алган.

"Менин мындай курч сөздөрүм кээ бир бийлик төбөлдөрүнө жакпай калып, атайын прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, кызматтан четтетүүнү максат кылышты", дейт Капар Мукеев. Ал бул маселени орундуу чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге кайрылганда алардан эч кандай колдоо болбогондугун билдирди.

-Алгач мен министр Кайыповго кайрылдым. Ал “мунун баары жогору жактан болуп атат” деп мени кабыл албай койду.Өкмөт башчысы Феликс Куловго телефон аркылуу кайрылдым. Ал дагы “прокуратура мага баш ийбейт” деген жообун берди. Атайын покуратуранын жетекчиси Пугачевага кайрылсам, ал “Мамакеев билет”-деди. Башкы прокурорго жолуксам “бардыгын тергөөдөн кийин сот чечет” деп койду. 30-январла президентке жолугайын десем, ал жерден да кабыл албай коюшту. Мен айтып атам, анда бийлик эмне үчүн мен 27-ноябрда кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганымда анымды канааттандырбай койду. Себеби мен ГУИНдеги башаламандыкты, бир катар финансылык тартип бузууларды көргөндө кызматтан чынында эле кетейин дегем. Булар боюнча бардыгын ачык айтып чыккандан кийин жаңы жылдын алдында да кызматтан кетейин деп арыз жолдогом. Бирок президенттин өзүнө жолуга албай, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков кабыл алып, “балам, кырдаал оор болуп турат, сен керексиң, иштеп тур”-деп суранган. Эми мен эч кимге кереги жок болуп калган экенмин да.

Капар Мукеевдин айтымында, учурда Жаза аткаруу башкармалыгына Экономика жана каржы министрлиги тарабынан финансылоо токтотулуп, аталган башкармалыкта, жаза өтөө жайларында кайрадан оор кырдаал түзүлүшү мүмкүн болуп турат.

XS
SM
MD
LG