Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

МУХАММЕД ПАЙГАМБАРГА ТАРТЫЛГАН КАРИКАТУРАЛАР АРАБ ДҮЙНӨСҮН АЧУУЛАНТТЫ


Мухаммед пайгамбарга тартылып, ислам дүйнөсүндө кыжырдануу жараткан карикатуралар ушул аптада Франция, Германия, Италия, Испаниянын басылмаларында да жарыяланды. Мунун алдында эле бир катар араб өлкөлөрүндө нааразылык демонстрациялары өткөн эле. Албууттанып көчөгө чыккан адамдар скандинавиялык гезиттерде Мухаммед пайгамбарга тартылган сүрөттөрдүн басылышын аны келекелегендик катары баалашкан. Карикатураны эң биринчи болуп басып, чыракка май тамгызган даниялык гезит акыр аягында жарым –жартылай кечирим сурады. Бул окуя ошол эле кезекте Европадагы сөз эркиндиги боюнча талкууларды да жаратууда.

Карикатуралардын бири алгач Даниянын "Юлландс постен" гезитинде былтыр сентябрь айында жарыяланган эле. Ушул айдын башында норвегиялык гезиттер аны кайра басып чыгарышкан болчу. Алардын биринде пайгамбардын башындагы селдеси бомбанын түспөлүндө тартылган.

Мындан улам Сауд Аравия Даниядан элчисин чакыртып алса, Перси булуңундагы өлкөлөрдүн бир катарларында Даниянын товарларына бойкот жарыяланып, алар дүкөндөрдүн текчелеринен алынды. Нааразылык акцияларына Даниянын мусулман жамаатынын өкүлдөрү да чыгышты. Данияда мусулмандардын саны 200 миңдей.

Айтор карикатураны эң биринчи болуп басып, чыракка май тамызган даниялык газетанын редакторлору алардын чыгармачылыгы ызы-чуу чыгарарын билиши керек эле. Анда алар эмне үчүн мындай кадамга барды? "Юлландс постен" гезитинин маданият маселелерин тейлеген редактору Флемминг Рос "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда карикатуралар даниялык сатиранын салттарында эле болгонун, карикатурачылар адаттан тыш эч нерсе жасабаганын айтат:

-Карикатуралардын бири да биз адатта Данияда айтып жана жасап жүргөндөрдүн чегинен чыккан эмес. Биз Иса пайгамбарды, падышанын үй-бүлөсүн, саясатчыларды мыскылдайбыз. Маселен алардын бири мени жана менин гезитимди мыскылдап, бизди реакциячыл провакаторлор деп атайт. Дагы бири мусулман иммигранттарга карата сынчыл турумду карманган, өтө таанымал саясатчыны мыскылдайт.

Мусулман дүйнөсүндөгү кыжырдануулардан улам "Юлландс Постен" гезити жарым-жартылай кечирим сурагандай болду. Гезиттин баш редакторунун билдирүүсүндө карикатураны көптөгөн мусулмандар кемсинтүү катары кабыл алганы айныксыз экени, бирок алар Даниянын мыйзамын бузбаганы айтылган.
-Биз бул карикатураларды 100%га жактайбыз. Аларды жарыялаганыбыз үчүн кечирим сурабайбыз,-дейт бул басылманын өкүлү Флемминг Рос. -Алар биз Данияда жасагандардын чегинде гана. Бирок биз кээ бир адамдар, өзгөчө Жакынкы Чыгышта айрым мусулмандар сатиранын биздеги салтын, анын туура маанисин билбей турганын моюнга алабыз. Биз аларга эгер ошол карикатуралардан кемсинтүүнү сезсеңер кечирип койгула деп айтуудабыз. Бул - карикатуралар үчүн кечирим сурагандык эмес. Биз буга эч качан барбайбыз.

Даниянын премьер – министри Андерс Фогх Расмуссен гезиттин кечирим суроосун кубаттап, бул жаңжалдын жөнгө салынышына жардам берээрине ишеним билдирди. Бирок, ал журналисттерди айыптоо, жалпы Дания элинин атынан кечирим суроо жөнүндөгү чакырыктарды четке каккан. Премьер- министрдин айтымында, өкмөт көз карандысыз гезиттерди редакциялабайт, сөз эркиндиги – демократиянын айныксыз элементи:

-Мен баса белгилеп койгум келет. Данияда биз ой-пикир билдирүү эркиндигинин фундаменталдык маанисин жогору баалайбыз. Ой-пикир билдирүү эркиндиги - Дания коомунун, Дания демократиясынын олуттуу жана айныксыз элементи.

17 араб өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери апта башында Даниянын өкмөтүн, алар белгилегендей, "мусулмандарды кордогон" гезитти жазалоого үндөгөн болчу. Ал эми Даниянын тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарына араб мамлекеттерине барууда этият болууну эскертти.

Алгач даниялык гезитте басылган карикатуралардын көчүрмөсүн ушул аптада Франция, Германия, Италиянын айрым гезиттери кайрадан басышты. Мухаммед пайгамбар менен катар Иса пайгамбар, Будданын сүрөттөрүн кошо жарыялаган франциялык "Франс суар" гезитинин түшүндүрмөсүнө караганда, алар карикатураларды кайра басууга сөз эркиндигин коргоо, диний сабырсыздыкка каршы күрөшүү максатында барды.

Хилал Хасан - Бейруттагы америкалык университетин прфессору, саясат жана ислам боюнча адис. Ал карикатуралардан чыккан кыжырданууга таң калбаганын айтат. Адис белгилегендей, мусулман өлкөлөрүнүн дээрлик көпчүлүгүндө эмне секулярдык, эмне диний экенин ажыратуу кыйын. Андыктан мындай жагдай Европанын секулярдык түшүнүгүнө карата табихый карама –каршылыкты жаратууда:

-Мунун жообу жөнөкөй эле. Батыш коому секуляр. Мусулман коому кыйла динчил. Дүйнөнүн бул бөлүгүндө дин жашоодо борбордук орун ээлейт. Жаштардын диний сезими жогору, ишеним системасы өтө маанилүү.

Профессор Хасан кошумчалагандай, азыркы глобализациянын шартында Даниянын мисалы көргөзгөндөй, редакторлор өз материалын жергиликтүү аудиторияга гана багытталган деп эсептебеши керек:

-Биз өтө чырмалышкан, байланыш жана маалымат алуу тездик менен жүргөн дүйнөдө жашап жатабыз. Андыктан атайын бир багытталган аудитория жөнүндө гана сөз кылуу кыйын.

Анткен менен кандай болгон күндө да профессор Хилал Хасандын ишениминде, бул чатак мусулман дүйнөсү үчүн өтө зарыл нерсеге: диний реформа жана исламдын коомдогу ролу жөнүндөгү талкууларга дем бериши да ыктымал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG