Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛ ЖАРДЫН КЫРЫНДА ТУРАБЫ?


Аманбек Жапаров, Азиза Турдуева, Бишкек Демократиялык күчтөрдүн биримдиги Коалициясы Кыргызстандагы саясий кырдаал жарылуу алдында турат деген билдирүү таратты. Бирок, өкмөттүн өкүлдөрү жана башка саясий партиялар мындай тынчсызданууларды аша чапкандык катары эсептеп, өлкөдөгү кырдаал стабилдүү деп белгилешет.

«Атамекен», «Арнамыс», Социал-демократиялык, Демократиялык күчтөрдүн Биримдиги партиялары, бир катар бейөкмөт, укук коргоо уюмдары кирген Демократиялык күчтөрдүн биримдиги Коалициясынын билдирүүсүндө Кыргызстанда курчуган саясий кризистик кырдаал түзүлгөндүгү тууралуу айтылган. Мындай кырдаалдын белгилери катары ачылбаган буйрутма өлтүрүүлөр, менчикти кайра бөлүштүрүүлөр, криминалдык күчтөрдүн ачыкка чыгышы, Улуттук коопсуздук кеңешинин айланасындагы, кадр маселелери боюнча чыр-чатактар жана башка мисалдар келтирилген. Коалициянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов өлкөдөгү кырдаалды курч, кооптуу деп айтууга толук негиз бар дейт:

-Биринчиден, өкөдөгү кырдаал курч деп айтууга азыр өлкөдө укуктук, экономикалык реформалардын солгундап, кээбир тарамактарда дээрлик токтоп калгандыгына байланыштуу, президенттин айрым жардыктарынын иштебей жатышы, жер-жерлерде айрым объектилерди талап- тоноо жолдору менен ээоеп алуу көрүнүштөрүнүн уланып жатышы, бийликтин алсыздыгына байланыштуу криминалдык күчтөрдүн ачыктан-ачык саясатка киришип жатышы көрүнүп эле турат. Ошондуктан, азыркы кырдаалды коркунучтуу жана курч деп айтууга негиз бар деп эсептейбиз .

Ал эми Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде, өлкөдөгү кырдаалды айрым саясий күчтөр негизсиз эле курч деп мүнөздөшүүдө:

- Башка постреволюциялдык мамлекеттей эле, Кыргызстанда да маселелер бар. Бирок, бул маселелер бар экендигин эч ким жашырган жок. Алар жөнүндө айтып жатабыз, аларды көрүп жатабыз. Биз азыр реалдуу турмушта жашап жатабыз. Бардык саясий, экономикалык маселелерди күч менен, пикеттер менен чечебиз деп айтуу дагы туура эмес. Ал эми өлкөдөгү кырдаалды курчутуунун кереги жок деп эсептейм. Бул патриоттук позиция эмес деп ойлойм , - дейт Мирослав Ниязов.

Демократиялык күчтөрдүн биримдиги Коалициясынын өкүлдөрү белгилешкендей, бийлик азыр өлкөдөгү кырдаалдын курчтугуна тийиштүү көңүл бурбай жатат.
Айрым саясатчылардын пикиринде өлкөдө март ыңкылабынан кийин мындай кырдаалдын түзүлүшүнө ошол мезгилде дароо революциялык жол менен өзгөрүүлөрдү ишке ашырылбай, укуктук талаага түшүү жолун тандалып алынганы себеп болду. Кээбир серепчилер болсо, жаңы бийлик тарабынан конституциялык реформанын ыкчам жургүзүлбөгөндүгү да кырдаалды татаалдаштырууда деп белгилешүүдө. Анткени, саясий партиялардын, деги эле өлкөдөгү саясий күчтөрдүн бир бөлүгүнүн башкы талабы - конституциялык реформаны кыска мөөнөттө ишке ашыруу болуп жатат. Айрым саясатчылар конституциялык реформаны жыл аягында эмес, жыл башында өткөрүү туура чечим болмок деп эсептешет.

Март ыңклабынын башында турган лидерлердин бири, азыркы билим берүү министри Досбол Нур уулу 15 жыл ичи топтолгон маселелердин баарын кыска мөөнөттүн ичинде чечүүгө мүмкүн эмес деп ойлойт. Анын көз карашында азыркы курдаал курч деп мүнөздөп жаткан саясий күчтөр март ыңкылабынан кийинки бийликтин ишине шек келтирүүгө аракеттенишүүдө:

Буга чейин 15 жылдан бери топтолгон маселелердин баарын чечүүгө белгилүү мөөнөт керек. Алардын баарын тез арада чечүү мүмкүн эмес. Хан качып кетсе эле, эл жакшы жашап калбайт. Ал эми айрым күчтөр азыр март ыңкылабынын бир жылдыгына карата саясий шоу жасашып, атайын иш-аракеттерди көрүшүүдө. Алар азыркы бийликтин кемчиликтерин көрсөтүүгө чоң аракеттерди жасап жатышат. Алар кырдаалды аша чабуу менен татаал жана коркунучтуу деп мүнөздөшүүдө .

Саясатчылардын бир бөлүгү өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна президент менен премьер-министрдин ортосундагы айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер да өбөлгө болуп жатат деген көз карашта.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Темиир Сариев азыркы бийлик өлкөдө түзүлүп жаткан курч саясий кырдаалга тиешелүү түрдө көңүл бурбай жатат деп эсептейт:

Бийлик өлкөдө түзүлгөн кырдаага тиешелүү көңүл буруп, кырдаалдын курчтугун төмөндөтпөшү керек. Канчалык биз маселелердин бар экендигин жашырсак, ошончолук кайрадан эле өзүбүзгө кыйын болот. Ошондуктан, өкмөт кырдаалга жараша тиешелүү аракеттерди көрүшү керек. Мен айрым саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өлкөдөгү кырдаалга карата тынчсыздануусуна толук түшүнөмүн .

Бир катар саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар өлкөдөгү кырдаалга баа берген саясий форум өткөрүүгө кам көрүп киришти.

XS
SM
MD
LG