Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

МАНДЕМДҮҮ ТАНДЕМ, ЧЕЧКИНСИЗ ЖЕТЕКЧИЛЕР, “АРТИСТ ПАРЛАМЕНТ”


3-февралда чыга турган сандарында маалымат каражаттары Бакиев-Кулов тандемине доо кеткени, айрым өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү, туура эмес менчиктештирилген ишканалар тууралуу макалаларды жарыялашууда.

“Агым” гезитинде кабарчысы Асланбек Сартбаев “Кыргызстан барбы, жокпу?” деп суроо коюп, учурдагы кырдаалга сереп салат.
“Өлкөбүздүн мамлекет катары жок болуп кетиши жөнүндө 24-марттан кийин орусиялык саясат тануучусу Мигранян божомолдоп кеп тараткан. Анда мындай олуялыкты эч ким элес албай, Апендинин кеби сымал кабылдашкан. А бүгүнчү? Мына ушундай бардан жок болуп кетүү коркунучу толук туулду. Бүгүн кай тарапты караба, Акүйбү, Жогорку Кеңешпи, министрликпи, облбийлигиби, маалымат каражаттарыбы, атургай түрмөбү, кыскасы, бүт тармакта келишпөөчүлүк, саясый интрига, нааразылык акциялар менен шугулданып баратабыз.
Мындай башаламандыкка тандем жүгүн аркалашкан Бакиев-Кулов саясатынан улам келип жеттик. Тандем чын эле маанилүү кеселге кабылып, бүгүн арабөк турганы айдан ачык....
Кокус Кулов ээрден оодарылса, же бир кырсыкка кабылды дегиче, Кыргызстанды кыйроо алааматы курчайт. Өткөн чактагы Аксы, 24-март окуялары шоона эшпей калышы турган иш» деп жазат автор.

Ушул “Агымдын” кабарчысы Жеңишбек Эдигеев “сегиз сап” сынагына өлкөнүн 1-вице-премьери Медетбек Керимкуловдун ишмердүүлүгү коюлуп, кайчы пикирлер айтылат. Мударис Кусеин Исаевдин пикири:
«Медетбек Керимкуловичте лидерлик сапат жок. Мүнөзү жумшак. Эл бүгүн бийликтен чечкиндүүлүктү, конкреттүүлүктү талап кылып жатат. Өтө өкүнүчтүүсү, Медетбек Керимкуловдой ээлеген ордуна ылайыксыз, татыксыз адамды ЖК депутаттары өкмөттүн биринчи орун басарлыгына дайындап бергени. Кандай шарт болсо мүнөзү жагынан ошого ыңгайлашып кете берген адам экен. Айтор, мындай кадрлар башкарган өкмөттүн өмүрү аз болот.»

Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун айтымында:
«-Медетбек Керимкулов профессионал катары өтө тажрыйбалуу, дасыккан адам. Менин бир гана каалоом чечкиндүүрөөк болсо» дейт депутат.

Афган согушунун ардагери Орунбек Чондоев М. Керимкулов “премьер-министрдин көлөкөсүндө көрүнбөй кала берет экен. Конкреттүү кайсы иштерге жооп берээрин билбейбиз» деп белгилейт.

“Агым” гезитинин кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков Майлысуу электролампа заводунун тегерегиндеги чыр чечилбей жатканын талдоого алат.
«Электролампа заводунун 62,43 пайыз мамлекеттик акция пакети мыйзамды орой бузуу менен сатылып, муну агездеги тышкы соода жана өнөржай министринин орунбасары Нина Кириченко министр С.Жиенбековдун жаш, тажрыйбасыздыгынан пайдаланып, өзү каалагандай ишке ашырган.
Заводдогу абалды териштирүү үчүн адистерден, ЖК депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлүп, калыс иликтөөгө алынышы керек» деп жазган.

“Аалам” гезитинде кабарчы Адилет Бакбергенов мындай деп жазат: “Күч органдарынын ортосуна от жаккан тирештирүү, артист парламент ойногон трагикомедиялык оюн, бир нече ачык каттарды жарыялоо, майда пикеттерди уюштуруу, өйдө-ылдый нааразычылыктарды күчөтүүгө жасалган аракеттер, бир жума үчүн өтө көптүк кылды.
Оюн так түзүлгөн сценарий боюнча жүргүзүлүп, ал түгүл бир топтон бери жумушка чыкпаган карыган депутаттардан бери жумушка чыгып, жакшы эле даярдык менен дайындалган экен. Бирок убактысынан эртерээк башталганбы же шашып калыштыбы «оюнчулардын» ойлогондору ишке ашпай, баары теңирден тескери айланды. Парламенттин депутаттары көчөдөгү долу аялдын деңгээлине түшүп калышты.Он беш жыл бою куру убададан көңүлү калган элди ишендирүү кыйын.”


«Аалам» гезитинин кабарчысы Улан Мамбетов ГУИНдин начальниги Капар Мукеев менен маек курган. Анда эмне себептен күнөөлөнүп, кызматтан алынганы тууралуу кеп кылат.
- “2 млн. сомго барабар тикенек зымдан чыккан чыр- чатак ырбады. Учурда ал зым Новосибирскийден Кыргызстанга келе жатат. Экинчиден «ушул Капар Мукеев көп сүйлөп жатат, аны ордуна коюп коюш керек», - деген жогору жактан сөз болсо керек” деп жооп берген кызматтан алынган жетекчи.

«Аалам» гезити окурмандарына «Президент Курманбек Бакиевдин 2006-жыл- экономикалык чоң өзгөрүү жылы болот дегенине ишенесизби?» деп суроо салып, түрдүү жооп алышкан.
«Кыргызстан демократия» партиясынын лидери Жыпар Жекшеев бул суроого мындай деп жооп узаткан: «Өлкөдө кеңири кучак жайып кеткен коррупцияны биротоло түп-тамырынан бери жоё албасак да, азайтуу үчүн атайын механизм иштеп чыгышыбыз керек. Бүгүнкү күндө коррупциянын тамырын кыркууга механизм жок.»

“Кыргыз туусу” гезити аркылуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы экс- депутаттардын үйлөрү, учурдагы депутаттардын турак жай маселелери тууралуу калпыс маалыматтарга так, туура жооп берген. “Көкбөрү” оюну улуттук идеологиянын булагы экени айтылып, жаштарды мекенин сүйүп, коргоого тарбиялоодогу оюндун мааниси жөнүндө кеп болгон. Өлкөнүн эмгек миграция комитетинин жетекчисинин орун басары Досмир Өзбеков учурда чет жерде 474 миңдей кыргызстандык Орусия, Казакстанда жүргөнүн айткан. Ошондой эле Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 75 жашка чыкканына байланыштуу замандаш акын- жазуучулардын пикирлери да жарыяланды.

“Эркинтоо” гезитинде элдин мүдөө-тилектерин чагылдырган “Каттар бети” жарыяланды. Мында түштүк аймагынын калкы мамлекеттик ишмер, маркум Султан Ибраимовго “Кыргыз эл баатыры” деген наам берүү сунушу менен президентке кайрылган. “Кыргыз патенттин” жетекчиси Роман Оморов менен маектешүү да чыкты. “Эркин тоо” гезити аркылуу Ахаган фондусу Кыргызстанга, айрыкча тоолуу райондорго кандай жардам көрсөткөнү тууралуу отчет берди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG