Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

ИРАН МАСЕЛЕСИН КҮЧ МЕНЕН ЧЕЧСЕ БОЛОБУ?


Иран менен Батыштын тирешүүсү күчөгөн сайын анын арты эмне менен аяктайт болду экен деген маселе көбүрөөк козголо баштады. АКШ Иранга каршы куралдуу күч колдонууга барышы мүмкүнбү? Катардагы америкалыктар буга кандай карашат?

Ирандын Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин мүчөсү Мохаммад Рудаки 24-январда “Афтаб-и Йазд” басылмасына берген интервьюда Иранга каршы санкциялар киргизилсе, ал мунайдын экспортуна залакасын тийгизет деп билдирди: -Мунай Ирандан жана Перси булуңундагы башка мамлекеттерден Европа, Америка жанаЧыгыш Азияга булуң аркылуу ташылат. Эгер экономикалык эмбарго киргизилсе, аймактан бир да тамчы кара май экспорттолбойт, - дейт Рудаки.

Арийне өлкөнүн мунай министри Казем Вазири-Хаманех 31-январда ОПЕКтин Венадагы жыйынында сүйлөп, андай коркунучтун ыктымалдыгын жокко чыгарууга аракеттенди. Ажанс Франс Пресс агенттиги маалымдагандай министр Иран мунай экспортунун өлчөмүн азайтпайт деп ишендирди.-Мунай менен ядролук маселенин эч кандай байланышы жок. Экспортту токтотуу үчүн негиз жок, - деди Вазири-Хаманех.

Батыш гезиттеринин айрым талдоочулары Иранга каршы аскерий чара көрүүнү караштырууга убакыт келди деп ырасташат. Башка бир аналитиктер Иранга сокку урулса, анын арты олуттуу болот деп эскертишет. Анын үстүнө АКШнын Ирак менен Ооганстандагы аскерий акциялары ага жолтоо болмокчу.

Ак-Үй дипломатиялык аракеттерди улантууга дилгир, ошол эле мезгилде күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн четке кагуудан баш тартып келатат.

-Ирандын ишин Коопсуздук кеңешинин кароосуна өткөрүп берүү дипломатиялык иш-аракеттер токтойт дегенге жатпайт. Ал дипломатиянын башка, катаң формасы болмокчу. Бирок Кошмо Штаттардын президенти башка мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде күч колднууну четке какпайт. Менимче, муну эл да каалабайт, - деди Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс өткөн дүйшөмбүдө.

Ядролук маселелер боюнча эксперт Жозеф Сиринконе атомдук программанын айланасындагы тирешүү Иран эли үчүн улуттук мааниге ээ деп эсептейт:

-АКШ же Израиль маселен, Исфахандагы уранды байытуу ишканасына сокку уруп, кол салса, бул Иран элин, бүт мусулман дүйнөсүн козутуп жиберет. Муну менен азыркы популярдуу эмес өкмөт ийгиликтүү өкмөткө айланып калат.

Акыркы сурамжылоолор далилдегендей Батышта Иранга каршы аскерий күч колдонууну жактыргандардын саны өсүүдө. “Лос Анжелес таймс” январдын соңунда өткөргөн иликтөөгө караганда сурамжылоого тартылган 1 миң 555 кишинин 57 проценти Тегеран бийлиги атомдук курал жасоого алып кела турган программадан баш тарпаса, Иранга сокку урууну колдойбуз деп жооп берген.

Элдин пикирин сурап билүүгө тартылгандардын көбү Ирактагы согуштун жүрүшүнө нааразы болгону менен региондогу мындан аркы аскерий операцияга каршы эмес. Кээ бирлери болсо Саддам Хусейндин тушундагы Иракка караганда азыркы Иран көбүрөөк коркунуч туудурат деп эсептей турганын билдиришти.

Бир жыл илгери ушундай эле сурамжылоодо Иранга сокку урууну респонденттердин 50 проценти гана колдогон. Ошол эле мезгилде “Вашингтон пост” гезити Ирандын атомдук ишканаларын бомбалоону суралгандардын 42 проценти гана жактырат деп 31-январда жазды.

XS
SM
MD
LG