Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Курманбек Бакиев Тони Блэрдин катына жооп берди


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев алтын иштетүүчү британиялык «Оксус голд» компаниясына байланыштуу Британия өкмөт башчысы Тони Блэрдин катына жооп берди. Тышкы иштер министрлиги тараткан 2-февралдагы маалыматка караганда, катты министр Аликбек Жекшенкулов Ооганстан маселесине арналган эл аралык Лондон конференциясынын алкагындагы жолугушууда Британия тышкы иштер министринин орун басары Д. Александерге тапшырды. Катта Таластагы Жерүй кенин иштетүү үчүн бул компанияга эки ирет лицензия берилип, кайра кайтарылып алынгандыгы айтылат. Катта Бакиев кайсы компания болсо дагы, анын үзгүлтүксүз, мыйзам чегинде, Кыргызстандын экономикасына пайда алып келгидей иш алып барышына кызыкдар экенин билдирген.
Тони Блэр Курманбек Бакиевге жазган катында «Оксус голд» компаниясынын лицензиясынын кайра кайтарылып берилбегендигине кабатырлануусун билдирип, аны калыбына келтирүүнү сунуштаган. Бул компания Блэрдин белгилегенине караганда, өкмөттүн колдоосуна ээ болгон.
Британиялык компания лицензиясынан алгачкы жолу макулдашуудагы милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн ажыратылган.

XS
SM
MD
LG