Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

«Ар намыстын» жаштары саясий күчтөрдү кепке чакырды


БИШКЕК. «Ар намыс» саясий партиясынын жаштар тобунун атынан Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү ачык талкууга чакырган билдирүү таратылды. Кайрылууда белгиленгенге караганда, сот жана тартип коргоо органдарынын аракеттери кооптонууну жаратууда. Мындай жагдай чет өлкөлүк ишкер жана саясий чөйрөлөрдү кооптондуруп жаткандыгы да расмий эмес булактарда айтылууда. Айрым адамдар тобу кызматын жеке кызыкчылыгына пайдаланып, демократиялык өнүгүүгө тоскоолдуктар кайрадан пайда боло баштады деп айтылат. Ушул эле кайрылууда премьер министр Феликс Куловго каршы коопсуздук кызмат башчысы Таштемир Айтбаев менен Рысбек Акматбаевдин коендой окшош айыптоолору коопсуздук кызматы тарабынан даярдалгандай туюм калтырат деген көз караш берилген. Бардык саясий күчтөрдү диалогго чакырган мындай кайрылууну мындан бир күн мурда курамына «Ар-намыс» партиясы кирген демократиялык саясий күчтөр биримдиги коалициясы да тараткан.

XS
SM
MD
LG