Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

МАГАТЭде ИРАНДЫН ИШИ КАРАЛУУДА


Венада атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин жетекчилиги Ирандын маселесин жабык жыйында талкуулап жатышат. Кеп – ишти Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө болуп жатат. Кеңештин туруктуу беш мүчөсү жакында Лондондо атайын жыйын өткөрүп,ушундай чечимге келишкен эле. Кокус маселе Улуттар Уюмуна берилсе,Иранга санкциялар жарыяланышы мүмкүн. Мындайда Тегеран МАГАТЭ менен кызматташканын токтотуп, толук масштабда уран байыта баштай турганын эскертүүдө.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин башкаруу кеңешинде 35 өлкө бар.Эки күндүк жыйында алар Ирандын ишин Коопсуздук Кеңешине берүү жөнүндөгү резолюциянын долбооруна байланыштуу өз позициясын аныктоого тийиш. Коопсуздук маселелери боюнча Париждеги институттун регионалдык эксперти Уолтер Пош МАГАТЭде башталган талкуу-таңашты кандай болгон күндө да маанилүү деп эсептейт. Негизги сүйлөшүүлөр бул жерде европалыктар,аларга кошо америкалыктар менен экинчи тараптагы өлкөлөр ортосунда болмокчу. МАГАТЭнин башкаруу кеңешиндегилер арасында Сирия,Куба жана Йемен, Венесуэла, мисалы, Тегерандын иши Улуттар Уюмунун деңгээлинде каралышын каалашпайт. Ал эми Индонезия, Алжир жана Белоруссия өңдүү өлкөлөрдүн буга шүйшүнүп турган жери жок. Мындан тышкары Ирандын иши Улуттар Уюмуна берилсе,мунун арты башка өлкөлөрдүн атомдук чөйрөдөгү дем-дымагын суу сепкендей жалп өчүрүшү ыктымал деп ыргылжың болгондору да аз эмес. Булардын тизмесинде Түштүк Африка, Аргентина жана Бразилия аталууда.

Ошентсе да Уолтер Пош ирандыктардын бул жыйында колдоо табарына күмөнсүнөт. Муну ал эки жүйөө менен түшүндүрөт.Биринчиден, президент Махмуд Ахмединежаддын Израилге итатайы тутулуп, жинденген сөздөрү көп өлкөлөрдү Ирандан жалкыта баштады. Экинчиден, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эки мүчөсү - Россия менен Кытай бу жолу АКШ,Франция жана Британия тарапка өтүштү. Москва менен Пекинди буга көндүргөнү Батыш өлкөлөрү Иран маселесин адегенде Коопсуздук Кеңешинде тек гана маалымат үчүн угуп көрүү жөнүндөгү сунушка макул болушту.Мунун өзү МАГАТЭ Ирандын атомдук чөйрөдө жүргүзүп жаткан иштери тууралуу 6-мартта Коопсуздук Кеңешинде кең-кесири отчет бермейинче, Тегеранга эл аралык эч кандай санкция жарыяланбайт дегенди билдирет.

Деген менен Австралиянын улуттук университетинин эксперти Глен Барклэйдин айтымында, Батыш өлкөлөрү бери эле дегенде бир маселеде Иран президентинин чырагына май тамызып бергендей болушту. Ахмединежад калк арасындагы алымдуулугун арттырганы ары-бери урунуп, таянар бир таканчык издеп жатат. Мындайда улутту бириктирип,анын колдоосун алуу үчүн сырткы кысымдан өткөн мыкты каражат болбойт,ушул көз караштан алганда азыркы кырдаал ал үчүн табылгыс огожо болуп отурат.

Париждик эксперт Пош болсо Ахмединежад мурдагы президент Мохаммад Хатами көп күч үрөп жатып түптөгөн кырдаалды, Батыштын жаңыдан эле пайда болгон ишеничин кыска мөөнөттө кыйсыпыр ургандай жок кылып тынды деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG