Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

ПЕНТАГОН: “ТЕРРОРДУН КОРКУНУЧУ МУРДАГЫДАН ДА КҮЧӨДҮ”


Төрөкул Дооров, Прага. 2001-жылдын 11-сентябрындагы террор актысынан бери Кошмо штаттарында бул өңдүү чабуулдар боло элек. Бирок, АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, “Америкалыктар террор актыларынан толугу менен корголду деп айтууга негиз жок”. Чын-чынында Ал-Каида жана ага туташ башка террор топтор келтире ала турган коркунуч мындан да оор болушу мүмкүн дейт ал.

Рамсфеддин айтымында, Кошмо Штаттардын Коргоо жана чалгын кызматтары түрдүү террор актыларынын алдын алып, аларды болтурбоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатышат жана мында айрым ийгиликтер да бар. “Бирок ушу менен эле эми бизге эч ким кол салбайт деп терең ишенип алууга да болбойт” деди ал.

- Күрөш-чыныгы күрөш-азыр эрктин сыноосуна айланды. Иракта, Ооганстанда жүрүп жаткан уруштар, чынында, Кошмо Штаттары менен Батыш европалык мамлекеттерде болуп жаткан күрөштүн алдында анча деле чоң эмес. Алар интернетте, мектептерде жана медреселерде жашыруун паспорттор менен иштеп жүрүшөт. Жалган кайрымдуулук корлорун, түрдүү компанияларды түзүп алышкан. Анткени алар качан чабуул койгонго мүмкүн болоорун күтүп жатышат. Мунун коркунучу бааланбай калып жаткандай, - деди Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд.

Анын ишениминде, терроризм бүгүн кечээкиден да коркунучтуу. Андыктан Кошмо Штаттарынын өкмөтү америкалыктарды коргоп, адаттан сырт куралдарды исламчыл козголоңчулардан ары кылганга аракет кылып жатат. Рамсфелддин айтымында, Вашингтон, мындан сырткары, башка мамлекеттердеги элдерди да бул өңдүү коркунучтардан алардын өздөрүнүн жерлеринде арылтуу үстүндө иштеп жатат.

Бирок массалык кыргынга алчу куралдар террорстердин колуна түшпөшү үчүн аракеттер натыйжа бербей калышы мүмкүн.

Рамсфелддин бул жолку билдирүүлөрүндөгү негизги ой – исламчыл экстремисттер менен күрөш көпкө созула тургандыгы. Бул тууралуу 2001-жылдын 11-сентябрынан бери АКШнын президенти Жорж Буш да бир нече жолу айтканы бар.

Алардын ишениминде, душман азыр “согушчунун кийимин” жөнөкөй атуулдардыкына алмаштырып, калк арасына сиңип кетти жана Кошмо штаттардын ичинде да алардын тыңчылары жүрөт.

Буштун администрациясы билдиргендей, азыр террорго каршы күрөштүн чордону – Ирак. Рамсфелддин сөзүндө дал ушул Иракка азыр көбүрөөк атайын күчтөрдү жиберүү зарылчылыгы айтылды.

Иракта азыр 138 миң америкалык аскер бар. Пентагондун айтымында, эгер ирактык аскерий күчтөр бутуна туруп калса, анда жыл этегине чейин ал жердеги америкалык аскерлердин саны 100 миңге чейин кыркартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG