Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:11

Спорт жаңылыктары

Теннис: Орусиялык теннисчи-кыз Мария Шарапова ушул күндөрү Токиодо өтүп жаткан жарышта америкалык Лиза Рэймонд менен таймашып, аны 6:4, 6:4 эсебинде утуп алды. Ошентип, Шарапова чейрек финалга чыкты.

Баскетбол: Кошмо Штаттардын баткетбол оюну боюнча Улуттук Ассоциациясы NBA дин бул жолку чемпионатында лигага кирген бир катар командалардын ичинде “Детройт” менен “Сан Антонио” лидерлик кылышты.

Футбол: Орусиялык ЦСКА футболдук командасына жаңы демилгечи катарында “Внешторгбанк” жарыяланды. Ал аталган футбол командасына 7млн.доллар бөлүп бермекчи. Эми “Внешторгбанк” ЦСКАнын атын колдонуп, жаңы банк-карталарын чыгарат жана оюндарга билеттерди банкта да сата баштайт. Буга чейин, 2004-жылы, ЦСКА “Сибнефть” компаниясын өзүнүн демилгечиси деп атаган. Анда аталган компания футболдук команда менен 54 млн.долларга контракка кол коюшкан.

Төрөкул Дооров, Прага
XS
SM
MD
LG