Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

ПРЕЗИДЕНТ ПАРЛАМЕНТКЕ КОНТРЧАБУУЛГА ӨТТҮ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев парламентте кезексиз билдирүү менен чыгып сүйлөп, аткаруу бийлигинин ишине негизсиз кийлигишип жолтоо болуп жатат деп мыйзам чыгаруу бийлигин кескин сынга алды. Буга чейин айрым депутаттар жана саясатчылар Улуттук коопсуздук кызматын, сот системасын жана аткаруу бийлигин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшпөй кайра бандиттерди калкалап жатат деп кескин сынга алып, коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин отставкасын талап кылып келген эле. Президенттин бүгүнкү чабуулу депутаттардын дооматтарына берилген жооп болуп калды.

Президент Курманбек Бакиев өлкөдөгү саясий кырдаалга олуттуу тынчсыздануу пайда болгонуна байланыштуу билдирүү менен чыгып жатканын билдирди. Ал сөзүнүн башында парламенттин легитимдүү экенин жана март ыңкылабынан кийин аны таратууга өзү жол бербегенин белгиледи:

Акаевдин режимине каршы күрөшкөн күчтөрдүн көпчүлүгү парламентти таратууну каалаган. Саясий партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, саясатчылар Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева жана башкалар ушундай пикирде болгон. Бирок мен бул парламент конституциялык негизде өз мөөнөтүндө иштеш керек дегенмин жана азыр дагы ошондой пикирдемин. Чын-чынына келгенде ошондо силерди сактап калган мен болгонмун. Ошонун айынан пикирлештерим тарабынан сын угуп келатам.

Буга карабай Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баш болгон бир нече депутаттын аткаруу бийлиги менен конфронтацияны тандап алуусу түшүнүксүз деди президент:

Бул биринчи күндөрдөн баштап көрүнө баштады, Конституциялык кеңешме ойлонулбай, шашылыш чакырылганы, президенттик шайлоону кечирээк мөөнөткө жылдыруу, бийлик системасын шашылыш өзгөртүү жана башка идеялар аркылуу. Саясий жана социалдык чыңалуу мезгилинде булар Кыргыз мамлекети үчүн өлүмгө тете болуучу.

Парламент өлкөнү реконструкциялоо, коррупцияга каршы күрөш, демократияны колдоо, сөз эркиндигин өнүктүрүү багытындагы аракеттерди колдоонун ордуна кимге көбүрөөк бийлик бөлүш керек деген талкууну уюштуруп, туруксуздуктун очогуна айланды, деди президент. Ал ошондой эле парламенттин мыйзам чыгаруу ишине токтолуп, жыл ичинде114 гана мыйзам кабыл алып, анын дагы ар бир бешинчиси вето менен кайтарылганын, парламенттин чыгашасы 300 миллион сомго жетип, акыркы мезгилде эки жарым эсeге өскөнүн белгиледи.

Конституциялык реформа күзүндө болуп, ага чейин элге бийлик системалары тууралуу маалымат берилип, элдин акыл-эс менен чечим кабыл алуусуна шарт түзүлөөрүн билдирди президент.

Бакиевдин айтымында, өлкөдөгү криминалдык кырдаал 9-февралда коопсуздук кеңешинде, ал эми 2005-жылдын социалдык-экономикалык жыйынтыктары 15-февралда өкмөт жыйынында каралат.

Президент жаңы бийлик өлкөдө демократиялык жараяндарды тереңдетүү багытында баратканын баса белгиледи:

Биз иш жүзүндө мамлекеттик басма сөз каражатынан баш тарттык. Элдик телекөрсөтүүнү түздүк. Митингиге чыккандарды куугунтуктоону токтоттук. Соттун ишине кийлигишүүнү такыр токтоттук. Эгерде соттор туура эмес чечимдерди кабыл алып жатса, анда ал ошол системанын кемчилиги. Булардын баары демократияга карай реалдуу кадамдар.

Мамлекет башчысы бюджет, менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдардын кабыл алынбай жатышын, депутаттардын тергөө иштери баштала элек иштерге кийлигишип жатканын кескин сынга алып, сөзүнүн соңунда мамлекет жана эл үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Президенттин билдирүүсүнө дароо жооп менен чыгышпады. Жооп жакынкы 15 күндүн ичинде болорун ЖК төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди:
-Урматтуу депутаттар, бул президенттин биздин алдыбыздагы кезексиз билдирүүсү болду. Аны талкуулоого, суроо берүүгө болбойт. Президент олуттуу маселелерди көтөрдү. Ага биз факт, иш жүзүндө жооп беришибиз керек .

Мелис Эшимканов президенттин сөзүнөн кийин депутаттар ойлонуп акыл калчай турган көп маселе бар экенин белгиледи:

Президенттин бүгүнкү кайрылуусу тууралуу кенен сөз болот деп ойлоймун. Бул парламент өзүнүн позициясын аныктоого тийиш. Дегеле ушул парламент керекпи? Курманбек Салиевич айткандай, парламент балким деструктивдүү күчкө айланып бараткандырбыз. Же араңарда беш-алтоо бар дейт, мүмкүн ошолор жөнүндө сөз кыласыңарбы? Парламент ыйманын-жүзүн ачып алыш керек.

Депутаттардын айтымында президентке парламенттин чыгымдары, депутаттардын квартирасы тууралуу туура эмес маалыматтар берилген, аткаруу бийлигинин бул багыттагы чыгымдары тыкыр иликтөөгө алыныш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG