Шылуунчулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук комитеттин төрайымы Рахима Матраим кызы депутат Мурзубраимовго байланыштуу ири коррупциялык иштер жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан жаап жашырылып жатат деген билдирүү таркатты: - Ишти жаап койгон. Мен буга канаттанган жокмун. Себеби мен өзүм далилдеймин деп атам. Ошондуктан бүгүнкү күндө шаардын прокуратурасына ишеним көрсөтпөгөндүктөн, документтерди кайрадан даярдап баш прокурорго арыз жазып кетип атам. Эртеби-кечпи ОшМУдагы Мурзубраимовдун жеген, ичкендеринин, былык иштеринин бети ачылыш керек.
Мындан жети ай илгери Ош мамлекеттик университетинде шылуунчулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук комитет мурдагы ректор, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Бектемир Мурзубраимовдун үстүнөн Ош шаардык прокуратурасына жамааттык доо арызын жөнөткөн. Анда ал тарабынан ОшМУнун мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрү катары эсептелинген “Автодорожник” эс алуу үйүн, “Нур” кинотеатрын, ОшМУнун гаражын кайра окуу жайга кайтаруу, окуу жайдын көмөкчү чарбасындагы жана студенттик корпустун курулушундагы көз боемочулуктардын бетин ачуу боюнча талаптар коюлган.
Ош шаарынын прокурору Райымжан Жакыпов Жогорку Кеңештин депутаты Мурзубраимовго байланыштуу берилген доо арызында көрсөтүлгөн фактылар бир катар фискалдык органдар тарабынан изилденип, бирок далилденбегендиктен улам кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылгандыгын белгиледи:
- Текшерүүлөрдүн материалы толугу менен бизде бар. Көрсөтүлгөн фактылар текшерүү учурунда аныкталган жок, ошонун негизинде бул иш боюнча эч кандай кылмыш иш козгоого негиз жок деген кортундуну комиссия өзү президенттин администрациясына алып кетишкен. Бул жөнүндө арыз ээлерине билдирүү бергенбиз – деди Ош шаарынын прокурору Райымжан Жакыпов.
Анткен менен көпчүлүк жергиликтүү талдоочулар март окуяларынан кийин укук коргоо органдары тарабынан убада кылынган ири коррупциялык иштердин бетин ачуу боюнча аракеттер бир ыктай жыйынтыктарды бербей жаткандыгын айтышууда. Талдоочу Замирбек Бөжөнов элдик ыңкылаптан кийин кызуу иликтөөгө алына баштаган көптөгөн ири шылуунчулук иштер чекесинен жабылып келе жатат деген оюн ортого салды:
- Коррупцияга каршы күрөш байкалбай атат. Укук коргоо жана прокуратура органдарындагы адамдар буга чейин жеп-ичип, коррупционерлер менен дос болуп, алып көнүп калган органдын адамдары алмаша элек, психологиясын өзгөртө электигинен улам бул нерсе токтобой атат. Дагы бир нерсе жогорку аткаруу бийликтегилер коррупцияга каршы күрөшүүнү катуу талап коюп, натыйжасын талап кылып тезинен сурап туруш керек.