Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:32

КЫРГЫЗСТАНДЫН ХОККЕЙ БОЮНЧА БИРИНЧИ ЧЕМПИОНАТЫ ЖУМГАЛДА БАШТАЛДЫ


3-февралда шайба менен ойнолчу хоккей боюнча өлкөнүн биринчи чемпионаты Жумгалда башталды. Былтыр Кыргызстан дүйнөлүк топ хоккейи федерациясына мүчөлүккө кабыл алынган.

Чаекте 3-февралда башталган профессор Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналган хоккей мелдешине Каракол, Нарын шаарларынын жана Жумгал районунун 8 командасы күч сынашып жатат. Нарын шаарынын командасы үч ирет баш байгенин ээси болушкан. Мурдакы жылы Чаектин “ Эркинфрам” командасы баш байгенин ээси болгон. Былтыркы мөрөй талашууда нарындыктар кайрадан баш байгени кайра жеңип алышкан. Жумгалдын Шортон муз аянтында Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналган шайба хоккейи чемпионатынын жеңүүчүлөрү 5-февралда аныкталат. Мелдештин демилгечиси жана башкы калысы, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун салык инспекциясынын жетекчиси, Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице- президенти Нурланбек Матыев бул оюнду эл аралык деңгээлге жеткирүүгө аракет кылып жүрөт.

Быйылкы расмий өткөрүлүп жаткан өлкөнүн биринчи чемпионатында жеңип чыккан мыкты оюнчуларга дагы атайын сыйлыктар, байгелер тапшырылат.

Кыргыз эл депутаты Аскар Салымбеков өлкөдө кышкы спортту өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келгендигин айтып, ишкерлер спорт жайларын куруп, жардам берүүгө дилгир болгону менен чиновниктер бут тосуп жатышканын айтты:

- Кар кɵрʏʏгɵ зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип тоо лыжа базасын курууга тартса болчудай.Кышкы спорттун тʏрлɵрʏн ɵнʏктʏрʏʏнʏн келечеги жок, каражатты кɵп талап кылат, деп четке каккан жетекчилер да болууда. Азыркы учурда кышкы спортту ɵнʏктʏрʏʏ учур талабы болуп калууда.

Кыргызстанда бир дагы муз тебүүчү спорт аянтчасы жоктугун, жаштар хоккей оюну менен машыгууну, лыжа тебүүнү үйрөнүүгө дилгир дейт улуттук компьютердик гимназиянын окуучусу Даниэль Бурханов: - Бизде топ хоккейи үчүн спорт сарайын куруунун зарылдыгы деле жок. Ал эми шайба хоккейи жана коньки менен муз тебүү үчүн атайын спорт жай куруу зарыл. Кыргызстанда болсо кышында лыжа спорттун өнүктүрүүгө бардык шарт бар. Топ хоккейи биздин өлкөдө мурда эле бар болчу дешет агаларыбыз. Азыркы Акүй турган жерде шаардык стадион бар эле, ошондо хоккей ойнолчу деп айтып жүрүшөт. Ошол стадиондо муз айдыңы тоңдурулуп,мелдеш өткөрчүбүз дегени биз үчүн жомоктой эле кеп. Биз да хоккей ойноп, муз тээп, лыжа жарыштарына катышкыбыз келет. Бирок, мындай секция, ийримдер жоктугу өкүндүрөт. Бул оюнду колго алып, жайылтып, жакшы саамалыктарды өкмөт колдоого алуусу керек.

Совет доорунда балдар арасында хоккей боюнча да «Алтын шайба» мелдештери ɵткɵрʏлʏп турчу. Эгемендʏʏ болгондон бери кышкы спортунун деңгээгли тɵмɵндɵп, көңүлдөн чыгып кеткен. Азыр Кыргызстан боюнча лыжа адистигинен беш гана машыктыруучу калды. Анын ʏчɵɵ Бишкекте, калган экɵɵ Нарын менен Караколдо иштеп иштеген аты болуп жʏрɵт. Азыркы жакшы лыжанын наркы- бир жылкынын баасына барабар. Карапайым калк лыжа сатып алууга да чамасы жетпейт. «Нооруз», «Ору-Сайдагы» лыжа тебʏʏ базалары Президенттин алдындагы иш-башкаруу чарба башкармачылыгынын карамагына ɵткɵрʏлʏп, киреше табуунун булагына айланып баратат. Жакшы адистердин кɵбʏ башка жактарга кетип, кышкы спорт кɵңʏлдɵн чыгып баратат. Кыргыз дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директору Бектур Асанов жакынкы жылдары дагы кышкы спортко көңүл бурууга шарт жоктугун айтты.

Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш мезгили, Ысыкɵлдʏн тоолуу аймагы , Чʏй, Таластын тектирлʏʏ тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мʏмкʏндʏк берет. Кыш мезгилинде гана эмес жаз, жай айларында ак кар кɵк музу кетпеген мɵңгʏлʏʏ аймактарда жыл бою лыжа тебʏʏгɵ, бул спортту ɵнʏктʏрʏʏгɵ шарт бар. Мындай жагдайды Орусиянын Президенти Владимир Путин да байкап, биргелешип тоо лыжа базасын куруу демилгесин кɵтɵргɵн. Бирок бул демилге Кыргызстандын спорт жетекчилери тарабынан колдоого алынбай келʏʏдɵ.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG